"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Зийнаш Жунушова табигый жүндөр менен жылуу жүн байпактарды токуйт

3 Март 2021 жыл 22:06
Көрүүлөрдүн саны: 100

Илгерки ата-бабалар кийген жүн байпак кайрадан элдин кызыгуусун жаратты. Ал алгач өзүнүн балдарына койдун жүнүнөн жип ийрип алып, байпактарды сатат.

Тасма айылынын тургуну- Зийнаш Жунушова

Жүн байпакты койдун таза жүнүнөн жасарын айтат Зийнаш Жунушова:

«Жүн байпак токуп сатып жүрөм. Жүн байпак токуганыма 20 жылдан ашты. Мен эң биринчи балдарыма, неберелериме токуп берип жүрдүм. Кийин-кийин токуп, айыл элдерине сата баштадым. Азыркы учурда көп эле элдер алып турушат. Жүн байпак негизинен абдан жылуу болот, оорубайсын, бутуң үшүбөйт айта берсең көп. Койдун жүнүн алып аны жууп колго ийрийм анан токуп баштайм. Азырынча келиниме кыздарыма үйрөтүп турам, алар да өздөрү токуп турушат. Негизи эле жүн байпак токуп туруу жакшы, колдорун иштеп турат».

Зийнаш эненин токуган жүн байпактары


Зийнаш Жунушованын кардары Анаркүл Эсенбаева башка жактардан Зинаш эненин жүн байпакатры өзгөчөлөнүп турат дейт ал өз сөзүндө:

«Биз көп жерден эле байпактарды сатып алып жүрөбүз, бирок такыр эненикине окшошпойт. Көбүнчө эненикинен алабыз. Ишеничтүүрөк таза, табийгый жүндөр менен жасалат. Ошондуктан эч коркунучсуз эле алабыз. Мен байпактарды сатып алып көп эле майрамдарда жакындарыма белекке берип жүрөм.»

Куланак: Бир шиш менен түймө түйгөн апа
Айтунук Токторова, Айназик Кубатбекова