"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылында быйыл жазгы талаа жумуштары эрте башталды

6 Март 2021 жыл 17:16
Көрүүлөрдүн саны: 175

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын айыл тургундары былтыркыга караганда быйыл жазгы талаа иштерин эрте башташты. Буга быйылкы кардын аз жаашы себеп болду.

Тасма айылынын тургуну Гүлипа Шарапова быйыл жаз эрте келгендиктен жызгы талаа иштери жылдагыдан эртерээк башталганын айтат:

«Былтыркыга караганда быйыл, жазгы талаа иштерине эрте даярдануубуздун себеби — быйыл кыш кыштай болгон жок. Кар аз жаады жана күн жылуу болду. Ошол себептен быйыл жазга эрте даярданып баштадык. Жазга үрөндөрүбүздү тазалап, күйүүчү майларды сатып алып, камданып жатабыз. Эрте даярдыктан улам күйүүчү май, үрөндөрдүн кымбаттоосу күтүлбөйт болуш керек. Себеби айыл өкмөтү бул жагын камсыздоого алган. Азыркы учурда техника аз болуп жатат. Ушул кесепеттен техниканын баасы кымбат болууда»,-деп билдирди Шарапова.

Карасаев айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкери Нурбек Үсөнов айыл өкмөтү тарабынан элге арпа, буудай каржыланып жаткандыгын билдирди. Ошондой эле күйүүчү майдын кымбатташы дүйнө жүзүндөгү нефтинин кымбатташына байланыштуу дейт:
«Жазгы талаа жумуштарына мамлекет тарабынан дотациялык түрдө элита сортундагы арпа, буудайлар келип жатат. Бирок аз өлчөмдө гана келүүдө. Ошол дагы кээ бир дыйкандардын муктаждыгын камсыз кылат деп ойлойм. Бирок районго мамлекет тарабынан бөлүнгөн арпа, буудайдан башкаларга караганда көбүрөөк алгандыгын билдирген. Ошол айыл тургундарына бир аз да болсо жардам берет. Эгерде күйүүчү майдын баасы кымбаттап кетсе, бир айыл өкмөтүнүн көзөмөлүндө боло албайт.»

Тасма айылында күйүүчү май саткан Улан Абдиев күйүүчү майдын аздыгы көйгөй жараткандыгын айтты:

«Айыл тургундары күйүүчү май алып турушчу. Бирок азыр Караколдо да Түптө дагы күйүүчү майды идиштерге куйбай жатышат. Болгону бакка 30 литрге эле уруксат берилген экен. Биз ушул күйүүчү майды Каракол, Түптөн алчубуз. Былтыркыга караганда быйыл күйүүчү майдын баасы кымбаттады.»

 

Сезим Темирова, Айзада Туратбекова, Эржан Мирлан уулу