"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Токтоян айылынын тургундары кубаттуу электр жарыгына муктаж

7 Март 2021 жыл 12:14
Көрүүлөрдүн саны: 267

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Токтоян айылынын Муса Ордобаев атындагы көчөсүндө электр кубаты төмөн. Аталган көчөдө 50 түтүн эл жашайт. Алар көчөнүн жашоочулары жарыктын кубатынын начардыгынан бир топ кыйналышат.

Айыл тургуну Дамира Дербишованын айтымында алар жарык көйгөйүн айтышып бир топ тийиштүү органдарга кайрылышкан. Бирок жыйырма жылдан бери көчөнүн электр жарыгы жакшырбай, жашоочуларды кыйнап келет.
“Электр жарыгынын начар күйгөндүгүнөн нан, жасаган тамагыбызды бышыруу өтө кыйын. Аны менен катар көздүн көрүүсүн начарлатып, ден-соолугубузга да зыянын тийгизип жатат. Биз бул маселени чечүүгө аракеттенип бир топ тиешелүү мамлекеттик кызматтарга арыз менен кайрылганбыз. Бирок маселе жыйырма жылдан бери чечилбей келет”,- деп билдирди Дамира Дербишова.

Ошондой эле жарыкка муктаж дагы бир айыл тургуну Венера Серенованын айтымында жарык кубатынын аздыгынан балдары сабак окуй албай кыйналышат.
“Электр жарыгынын начардыгы бир топ кыйынчылыктарды туудурат. Кечкисин шамдай болуп эле күйөт. Караңгы киргенде балдарыбыз сабак окуй албай кыйналышат. Мындай жарыктын болушуна ток жетишпей, жарык тараткан трансформатор бир топ алыс жакта жайгашкандыгы себеп болууда. Биз азыр, күнүмдүк турмушта от жагып эле жан багып атабыз. Бирок кыйын, антип күн кечириш. Кубаттуу электр жарыгын коюп беришсе жакшы болот эле”,-деп айтты Венера Серенова.

Ал эми аталган электр жарыгына муктаж Токтоян айылынын башчысы Нурлан Молдогазиев бул маселе жакынкы арада чечилет деп убада берди:
“Ооба, Муса Ордобаев көчөсүндө электр жарыгы чынында эле чоң көйгөй. Биз айыл тургундары менен Мамлекеттик реестр агенттигине чейин барып арыз жазганбыз. 2020-жылы аталган мамлекеттик кызматтын орун басары биздин айылга келип, жергиликтүүлөрдүн көйгөйүн угуп кеткен. Анда ага биздин айылдын тургундары жарыкка болгон муктаждыктарын айтышып, маселени чечип берүүнү суранышкан болчу.

Мындан улам биздин айылдын үнү жогору жакка жетип, “Чыгыш электр” ишканасы бизди каржыламай болду. Жакынкы арада айылга трансформатор жана электр зымдары орнотулат. Ошондой эле, көчөлөрдүн узундугуна жараша линиялар чийилет. Негизи Муса Ордобаев көчөсүндө көп жылдан бери электр жарыгынын көйгөү чечилбей, трансформатордун коюлбай жаткандыгынын дагы бир себеби аймак картага кире электигинде. Бирок жакында бул маселелер да чечилет”,- деп билдирди айыл башчы.

Бирок айылда жарык көйгөйү жакында чечилери айтылганы менен так убактысы азырынча белгисиз.

Аделина Калыкова, Үмүтай Сапарбекова