"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Чоң- Тогузбай айылында окуучулар ата-энелери менен бирге сармерден оюнун өткөрүштү

21 Март 2021 жыл 23:00
Көрүүлөрдүн саны: 172

Аталган айылда каада- салттарды окуучуларга үйрөтүү жана аларды колдонуу максатында Нооруз майрамына карата сармерден болуп өттү. Бул оюнга окуучулар ата-энелери менен биргеликте катышып, эсте каларлык элестерди калтырышты. 

Тогузбай айылынын мектеп директору Гүлайым Иманбекова өтүлгөн иш-чараны балдардын каада- салт менен аралашуусу жана унутпоолору үчүн уюштурулганын билдирет:

«Ата-энелердин мектеп менен байланышын чыңдап, балдарына бир канча кызыктуу нерселерди үйрөтүүгө ушул таймаш өбөлгө болот деп ойлойм. Биздин максат ата-энелер менен мектептин ортосундагы байланышты чыңдоо жана жаңыдан иш алып баруу болду. Ата-энелер менен биргеликте унутулуп бараткан каада салт, үрп адаттарды балдарга жана айыл тургундарына көрсөтүп бергенге аракет кылдык. Буюрса жакшы деңгээлде өттү. Улуттук тамак-аш, улуттук кийимдердин жана буюмдардын көргөзмөлөрү коюлду. Андан тышкары 5- класстын жана 6- класстын  ата-энелери жогорку деңгээлде даярданышыптыр»,- деп билдирди мектеп директору.

5-класстын ата энелери

Интермедия учуру

Айыл тургуну Дамира Алдаярова окуучулардын жана ата-энелердин түрдүү таланттарын көргөндүгүн айтат:

«Бул Нооруз майрамына  ата-энелер жана мугалимдер менен биргеликте даярдык көрүшүп, аракеттенүү менен даярданышыптыр. Менин неберемдин классындагы окуучулардын ата-энелери менен чогу биргеликте түнү менен илгерки нарк Ноорузда даярдалуучу каада-салттык тамак-аштарды даярдадык. Ата-энелерге чың ден соолук жана узун өмүр, бактылуу жашоо каалаймын»,-деп билдирет Дамира Алдаярова.


Акталаада Нооруз майрамына карата салтанаттар өтүүдө
Айгерим Карыпбекова, Сезим Темирова