9 Апрель 2021 жыл 22:47
Көрүүлөрдүн саны: 283
Ыссык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылынын 11-классынын окуучусу Айым Мырзабекова 2-сынакта өзүнүн калеминен жаралган ыры менен 1-орунду багындырды.
Айым Мырзабекованын жазган ыры
Айым Мырзабекова буга чейин көптөгөн ийгиликтерди багындырып келген.Бирок бул жолкусу өзгөчө болгонун айтып,кубанычында чек жок экенин жашыра алган жок:
«Конкурс «Ыссык-Көл жаштар клубунун» 3 жылдык мааракесине карата уюштурулган.Ошондой эле «Ырахмат сага Ыссык-Көл жаштар клубу» деген темада ыр жаздым.Ырым 4 мүнөткө созулуш керек болду.»Аракет кылсаң,берекет»-дегендей болгон аракетимди жумшап, катыштым десем болот.Ошентип Республикалык кароо сынакта 1-орунга жетиштим.Сыйлоо аземи Бишкек шаарында «Кенч»кафесинде болду.-деп билдирди жеңүүчү кыз.
Сыйлоо аземи
Даярдаган: Айжан Мырзабекова
Post Views: 283