Ысык- Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында Асан Сопиев орто мектебинде «Алиппем алтын ачкычым» аттуу майрам болуп өттү. Былтыр карантин болуп, онлайн өтүлгөн. Быйыл окуучулар Алиппе менен кош айтышып, концерттик программа тартуулашты.

Алиппе майрамдын башталышы

Слайд көрсөтүлүп жаткан учур
Балдарыбыз кичинекей болушса да көңүлдөрүбүздү көтөрүштү дейт айыл тургуну Анаркүл Эсенбаева:
«Алиппе майрам» бул балдардын көптөн күткөн эң жакшы майрамы. Балдарыбыз күндө эле 1-класс боло бербейт да. Балдар ойноп күлүп, концерттик программа уюштуруп кубанышат. 1-классты бүтүрүп жатып тамгаларды үйрөнүп, санаганды билип калышат. Алиппе китеби менен коштошушуп бир тепкичке көтөрүлүү алар үчүн абдан кызыктуу болот. Менин уулум дагы китеби менен коштошуп, жаттаган ырларын окуган жомокторун аткарып беришти»,- дейт билдирүүсүндө.

Майрам бүткөндөн кийин