"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Дыйкандарга жеңилдетилген үрөндөр таратылууда

20 Апрель 2021 жыл 9:50
Көрүүлөрдүн саны: 110

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Карасаев айыл аймагына үрөндөрдү берүү боюнча долбоор жазылып, ишке ашты. Ал долбоордун алкагында аталган айыл өкмөтү тургундарына «АРИС» программасы аркылуу үрөндөрдү биринчи жылына бекер таратат. Бирок кийинки жылы айыл тургундары алган үрөндөрдүн эки эселеп төлөп бериши керек.


Жалил Абдышов- Жайыт комитетинин жетекчиси

Карасаев айыл өкмөтүнө караштуу Тасма айылынын жайыт комитетинин жетекчиси Жалил Абдышовдин айтымында жеңилдетилген үрөндү тургундар жазында алып, кийинки жылдын күз мезгилинде өз түшүмдөрүнөн кайра кайтарып беришет.

«Бул жеңилдетилген үрөн долбоору негизинен мал чарбасына тоют базасын бекемдөө максатында таратылат. Башында арпа таратканбыз, элдин суроо талабы көбөйгөндүктөн, буудайга алмаштырып, буудай үрөндөрүн да таратып жатабыз. Үч, төрт жыл элдер жакшы алышып, жакшы иштеткенер болду. Аны менен катар алып төлөй албай калгандар да кездешти. Былтыр биз бардык үрөндөрдү элдерден алып, кайра жаңы үрөндөрдү алып келмекпиз. Бирок пандемияга байланыштуу үрөндөрдү ала албай калдык. Быйыл жаңы үрөндөрдү күтүп жатабыз. Бирок бул жылы үрөндөрдүн баалары кымбат болуп, так баасы азырынча белгисиз болуп жатат. Мындан улам жаңы үрөндөрдү алып келүү үчүн, үрөн ала туран адамдар менен келишим түзүп, тактап анан алып келишибиз мүмкүн.

Үрөндү Карасаев айыл аймагындагы Тасма, Чоң-Тогузбай, Токтоян айылдарына таратабыз. Ал үрөндөр аталган айылдардагы социалдык жактан жардамга муктаж тургундарга берилет. Эгерде үрөндү өз убактысында төлөй албай калгандар болсо биз аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кийинки жылга калтырып, дагы убактысын созуп беребиз. Ошондой эле алар менен мыйзамдуу келишим түзүп, анда күрө катары үйүн, малдарын коё алышат.

Жогорку жактан төлөй албагандарды сот органдарынага бербейсинерби? Деп сурап жатышат. Азыр органдарга эч кимди өткөрүп бере элекпиз. Сотко кайрылбай эле үрөндөрдү кайтарып алганга аракет кылып жатабыз», -деп айтты Жалил Абдышов.

Азамат Бөлөков- Чоң Тогузбай айылынын тургуну

Ал эми аталган айыл аймагынын курамындагы Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Азамат Бөлөков бул жеңилдетилген үрөн долбоорунун жакшы жактары менен катар тургундарды бир нече көйгөйгө кептеген терс да жактары бар деп билдирди:

«Буга чейин айылдарда үрөндөр көп жылдардан бери себилип, сапатын жоготкон. Бирок долбоордун алкагында жаны үрөндөр келип, сапат жакшырган деген менен үрөндөрдү ижарага алып, кайра эки эселеп төлөгөнбүз тургундарга оорчулук алып келет. Ушундай жакшы да жаман да жактары бар. Жакшы жагы үрөндөр жакшы болсо анда сапаты да жакшы болот. Жаман жагы кээ бир үрөндөр жергиликтүү жашоо шартка туура эмес болуп калып, анда анын түшүмдүүлүгү начар болуп калгандыктан кайра эки эсе төлөө убагында кыйынчылыктар жаралат»,- деп билдирди айыл тургуну.

Белгилей кетсек, аталган үрөндү жеңилдетүү долбоору 2016-жылы түзүлгөн «Үрөн фонду» тарабынан ишке ашып келет. Анда үч айылдын тургундарына сапатуу үрөндөр берилип, тургундарга жеңилдик берилет. Бирок жогоруда айтылгандай долбоордун оң жана терс да жактары бар.

Аяна Жайлобаева, Айдеми Барыктабасова