"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Учурда Тасмада эпидемиологиялык абал туруктуу

4 Май 2021 жыл 22:32
Көрүүлөрдүн саны: 143

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында 2021- жылдын башында Короновирус инфекциясы эки адамдан аныкталган. Алар дарыланып, айыгышкан. Учурда ооругандардын саны жокко эссе.

Учурда айылда абал туруктуу экенин айтат Тасма айылынын үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед айымы Айгүл Маматова :
«Ковид боюнча бизде Тасмада азыр абал туруктуу. Ооругандар жокко эсе. Карасаев айыл өкмөтүнө үч айыл кирет. Тасма, Тогузбай, Токтоян. Тогузбай айылынан эки адам чыкты. Алар ооруканада дарыланып жатышат, обсервацияда. Ал эми Тасма, Токтоянда ооруну жуктургандар ошондой эле пневмонияга чалдыккандар катталган жок.»

Тасма айылынын Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед айымы-Айгүл Маматова

Деген менен, күз кыш айларында кармаган курч вирустук респиратордук оорулар бар деп кошумчаларды дарыгер:
«Туруктуу жашоочуларга алдын алуу үчүн вакцина сайыла элек. Жаш балдар грипп болуп көбүрөөк ооруп жатышат. Тамактары да ооруп, укол алып, даары ичип жакшы болуп атышат.»

Тасмадагы үй- бүлөлүк дарыгерлер тобу айыл элине санитардык эрежелерди сактап, эл топтолгон жерлерде беткап тагынып жүрүүгө чакырат. Учурда эрежелер сакталбай калганын кошумчалады Айгүл Маматова.

Белгилей кетсек, айылдагы учурдагы абал туруктуу болгону менен борбор шаарда абал тынч эмес. Мындан улам шаардан келгендер менен байланыш учурунда санитардык эпидемиологиялык эрежелерди так сактоого чакырабыз.

 

Аяна Жайлобаева, Сезим Темирова