"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Арал айылында Covid-19 илдети боюнча абал салыштырмалуу туруктуу

5 Май 2021 жыл 14:17
Көрүүлөрдүн саны: 242

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылынында абал былтыркы жылга салыштырмалуу туруктуу. Бул жолу 3 адам ооруну жуктуруп бирок учурда абалдары жакшы. Ошентсе да, аталган айылдын дарыгери айыл элин коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды.

Арал айылынын башкы дарыгери Сапарбек Исаев айылдагы абал былтыркыга салыштырмалуу жакшыраак экенин айтып. Бирок ага карабай вирусту жуктуруп алуу коркунучу бар экенин белгилеп алдыда 3-толкун күтүлүп жаткандыктан. Ар бир жаранды ден-соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга үндөдү:
“Дүйнө жүзүн кооптуу абалга кептеп турган Сovid-19 илдетинин 2-толкуну каптап, 3-толкуну күтүлүүдө. Арал айылынан үч адам бул оору менен ооруп, айыгып калышкан. Тагыраагы айылда былтыркыга салыштырмалуу быйыл абал бир аз жакшы”.

Аны менен катар Сапарбек Исаев вирус менен күрөшүүдө кандай чараларды көрүү керек экенин баса белгиледи:
“Covid-19 оорусу менен ооругандардын абалы жакшы. Бирок бул эч качан баары жакшы деп айтканга болбойт. Анткени дүйнө жүзүн covid-дин 3-толкуну күтүлүп жатат. Ошондуктан Кыргызстанда андан кур калат деп айтууга эрте. Өзүбүз да күбө болуп атабыз, көп мамлекеттер карантинге өтүштү. Жана дагы вирусту жеңип чыгуу үчүн өздүк гигиенаны туура сактап, коомдук жайларда азыраак болуп, адамдар менен өз ара сүйлөшкөндө аралыкты сактап, дезинфекциялык каражаттарды такай колдонуп, бет кап тагынып жүрүү керек. Ар бир адам өзү үчүн өздүк гигиенаны сактаса, бул ооруну жеңип чыгууга болот”,-деп билдирди Сапарбек Исаев.

Учурда Тасмада эпидемиологиялык абал туруктуу

Айжан Мырзабекова