"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Токтоян эли жалпы айылды таштандыдан тазалады

3 Июнь 2021 жыл 18:42
Көрүүлөрдүн саны: 100

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Токтоян айылынын жашоочулары  айылдагы таштандыларды теришти. Аларды чогултуп каптарга өз өзүнчө бөлүп кайра иштетүүчү фабрикаларга өткөрүштү.

Ишембилик айылдык кеңештин депутаттары, айыл башчы, жаштар жана коомдук активистер менен бирге уюштурулган. Токтояндыктар мындан кийин дагы эки жумада бир мындай ишембиликке чыгып турмай  болушушканын айтат Карасаев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Атабек Албанов:

«Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот деген ураандын алкагында ишембиликке чыктык. Жалпы айыл тургундары менен бирге жерлерди бөлүп алып,көчө-көчө менен,биз жашап жаткан үйлөрдүн тегеректерин  тазаладык.Таштанды төгүлүп турган жерлерди рекултуация кылып техника менен төгүлгөн таштандылардын үстүн түздөп ,өрттөлбөчү таштандыларды көмдүк.Таштандылар сорттолуп терилди:айнектерди өзүнчө каптарга,кагаздарды өзүнчө,пластиктерди өзүнчө каптарга салып жыйнап атабыз. Мындан кийин да ушундай сыяктуу ишембиликтер башка айылдарда да уюштурулуп турат»-деп билдирди  Атабек Албанов.

Айыл тургуну Саламат Кайкиев таштанды көйгөйү бүтүндөй Кыргызстанда болуп жаткандыктан ар бир айыл мындай ишембиликтерге чыгып турганы жакшы натыйжа берет деп эсептейт. Бул жолку тазалоо акциясына өз ыктыяры менен чыккандар болгону кубандырат бирок муну көп уюштуруп турсак жалпы баардыгы ишембиликке чыкса деген ойдо:


«Бул ишембиликти уюштуруу биринчиден элдин талабы болгон андан кийин айылдык кеңештин депутаттары уюштурушту. Ишембиликтин максаты айылыбыздын тазалыгы, балдарыбыздын таза жерде таза абада ойношу үчүн уюштурдук.

Ишембилик жакшы болду, айылыбыздын элдери чыгып баарыбыз биргеликте таштандыларды тердик. Бул ишембиликке элдин бардыгы чыкты дегенден да алыспыз. Дагы дагы ушундай ишембиликтер өтүп турса уламдан улам элдер да түшүнүп чыгышат деп ойлойбуз. Бул ишембилик башкалардан айырмаланып элдер өз ыктыярлары менен чыгышты. Бул сыяктуу ишембиликтер көп көп болуп турганы жакшы болмок,элдер таза жерде жашашса. Таштанды маселеси биздин  эле айылда эмес бүт Кыргызстанда көйгөй болуп атат ошону элдерге жеткирип баарыбыз биргеликте ынтымакта тазалоо», -деди айыл тургуну Саламат Кайкиев.

 

Айназик Кубатбекова