"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Чек арачылар бейкут жашоону камсыз кылуу кызматында

17 Июнь 2021 жыл 14:01
Көрүүлөрдүн саны: 95

Түп районунун Каркыра айылы Кыргыз- казак чек арасында орун алган. Бул жерде Каркыра чек ара бөлүмү орун алган. Ал жерде Тасма айылынын тургуну Сүйүнбек Исабеков үй-бүлөсү менен кызмат кылат.


«Мен бул жерге Караколдогу медициналык колледжи бүтөрү менен кызмат кылууга келгемин. Чек арада иштегениме 6 ай болгондо үй-бүлөмдү жаныма алып келип алгам. Ушул жерден балалуу болдук. Мен чек арада улуу дарыгер болсом, жубайым санитарка болуп кызмат өтөп келебиз. Чек арада жалаң үй-бүлөлүлөр жашап, кызмат кылышат. Мына бул чек арада төрөлүп, жашап жаткан балдар турганда чек арабыз чептен бек деди. (Сүрөттү көрсөтүп) Сүйүнбек Исабеков. Бул жер чек ара болгондуктан көп нерселер жашырундуулук сакталды».

Муратбек Жумакадыров