"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Каркыра айылында таза суу киргизүү жумуштары жүрүп жатат

17 Июнь 2021 жыл 13:49
Көрүүлөрдүн саны: 64

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айылында 21 түтүн жашайт. Аларга таза суу киргизүү иштери жүрүүдө. Бул курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, күзгө чейин аягына чыгарылмакчы.

6 километр аралыктагы чуңкурлар казылууда

Түтүктөр 1 метр 80 см тереңдикте казылат

 

«Айыл ичинде суу түтүктөрүн жайгаштыруу үчүн 6 километр аралыктагы чуңкурлар казылып бүтүп, суу түтүктөрүн туташтыруу иштери аяктап калды. Кышы 8 айга жакын убакытты алган Каркырада суукта суу түтүктөрү тоңуп калбаш үчүн чуңкурлардын тереңдигин 1 метр 80 смден бийик каздырдык. 30 жерге колодецтер орнотулат,»- деди,- деди Каркыра айыл башчысы Кубаныч Түлөбердиев.

«Бул курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, суу түтүктөрү 12,5 млн.сомго тартылмакчы. Буюрса сентябрь айына чейин 21 түтүн Каркыралыктар таза суу ичип калышат. Мындан тышкары, араб бир туугандардын жардамы менен фундаменттер курулуп, кирпичтери түшкөн ФАП менен мечиттин курулуштары да быйыл аяктайт,»- деди Каркыра айылынын башчысы Кубанычбек Түлөбердиев.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган айылда 4-класска чейин 10 го жетпеген окуучу окуган карлик класс менен ФАП эски мончонун имаратында жайгашкан.

 

Тема боюнча окуңуз:
Чек арачылар бейкут жашоону камсыз кылуу кызматында

Муратбек Жумакадыров