Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Тасма айылынын Асан Сопиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 7- классынын окуучусу Токторов Толкунбек 6 жашынан бери грек -рим күрөшү менен машыгып көптөгөн сынактардын жеңүүчүүсү болгон.
Толкунбек агалары машыгып жүргөнүн көрүп, 6 жашынан эле бул ийримге катышууну чечкен. Кыргызстан аймагында өткөн райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги мелдештерде дагы алдыңкы орундарды алган. Учурда пандемияга байланыштуу андай мелдештер азайып калганына карабастан машыгууну токтотпой жатканын айтат:
“Мен күрөшкө алты жашымдан баштап, өз каалоом менен бара баштагам. Грек -рим күрөшү спорттун классикалык түрүнө кирет. Мага дагы ошонусу менен жагат. Менин Тренерим Атагулов Тилекмат. Келечекте Кыргызстанды андан кийин Азияны утсам деген пландар бар»,-дейт Толкунбек Токторов.
Тасма айылында бир топ жылдан бери спортчуларды даярдаган машыгуу залы бар. Анда балдар күнүнө 2сааттан машыгышат. Машыктыруучу Тилекмат Атагулов балдардын спортко болгон кызуусу күч экенин айтат. Учурда балдар 2 топко бөлүнүп машыгууда:
“Толкунбек 3-класстан бери машыгат катышып жатканына 3 жыл болду. Толкунбектин башкалардан айырмачылыгы физикалык жактан күчтүү залдан тышкары үйүнөн дагы көп машыгат.
Мүнөзү токтоо, аз сүйлөйт. Кылган ишин так аткарат. Ийгиликтери көптөгөн райондук, облустук, республикалык, Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү», -деп билдирди машыктыруучу Тилекмат Атагулов.
Толкунбектин апасы Нургүл Ибраева уулунун 6 жашынан баштап грек-рим күрөшүнө катышып көптөгөн ийгиликтерге жеткенине кубанып, ар дайым колдоо көрсөтүп келишерин айтат:
«Балам Толкунбек күрөшкө 6 жашынан баштап катышат. Эки агасы ушул күрөш менен машыгып жүрчү. Агаларын ээрчип залга барып атып эле катышып калды. Толкунбек 8-класста окуйт. 5-класста окуган уулубуз Нуржигит дагы күрөш менен машыгат. Күрөшкө кеткен убакта орун алып келсе, агайынын эмгегин бааласа экен деп тилек кылам. Өздөрү аман эсен келишсин деп күтөбүз. Ооба сыймыктанам, күрөштөн калтырбаганга аракет кылабыз. Өзүнүн каалоосу менен Грек рим күрөшүнө катышып жатат. Машыктыруучу Тилекмат Акматовичке терең ыраазычылык билдиребиз», -деп билдирди Толкунбектин апасы Нургүл Ибраева.
Айназик Кубатбекова, Эркайым Турсунбаева