"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада кабарчылар жайкы эс алууну кандай өткөрүп жатышат?

23 Июль 2021 жыл 18:02
Көрүүлөрдүн саны: 122

Ысык-Көл облусунун Туп районуна караштуу Тасма айылындагы “Нур FM” жамааттык мультимедиа борборунда 12 кабарчы ыктыярчылар бар. Алар жайкы каникулду кандай өткөрүп жатат кызыгып көрдүк.

Айрымдар эс алууда вируска байланыштуу айылдан чыга алышкан жок. Кээ бири үйдөн эле бош олтурбастан чет тилдерин үйрөнүп, кызыктуу китептерден окуп жана тоого үй- бүлөлөрү менен эс алууга барып жаткандарын айтышты.
“Нур FM” ЖМБ кабарчыларынын бири Кыял Токонаева жайкы каникулду пайдалуу өткөрүү максатында чет тилдерин үйрөнүп жаткандыгын айтты:

«Менин жайкы каникулум жакшы деӊгээлде өтүп жатат. Үч айга созулган каникулду бекер өткөрбөстөн, мен азыр корей, англис тилдерин үйрөнүп жана кызыктуу китептерди окуу менен алекмин. Булардан тышкары бий үйрөнүп жатам.

Эркеайым Турсунбаева дагы каникулда үйүндө апасына жардам берип, бош отурбастан курстарга жазылып чет тилдерин үйрөнүп жатат:
«Менин жайкы каникулум жакшы өтүп жатат. Жайкы каникулда кызыктуу аудио китептерди угуп жана англис тилин жакшы үйрөнүү үчүн бир вебинарга жазылып койгом ошо боюнча англис тилин үйрөнүүдөмүн»,- деп билдирди.
Кабарчы Айтунук Токторова үй -бүлөсү менен бирге тоого жана колго барып эс алып жаткандыгын айтып, ал дагы кошумча кызыктуу китептерди окуу менен алектенип жатат:

«Менин жайкы эс алуум абдан көңүлдүү болууда. Ата-энем менен бирге көлгө, жайлоого барып эс алып келдик. Азыркы учурда кызыктуу китептерди окуп жатам. Мындан тышкары үй жумуштары менен алекмин».
“Нур FM” ЖМБ кабарчыларынын бири Айназик Кубатбекова мындай дейт:

“Мен жайкы каникулда ABBYYV Lingvo Tutor программасы менен англис тилин үйрөнүп жатам. Дагы кыргызча китептерди окуп жатам. Учурда “Маркумдар үнү” чыгармасын окуп бүткөнү калдым».

Айжан Мырзабекова болсо жайкы эс алууда лагерге барууну пландап жатат. Ал лагерге жолдомону жеӊип алган:

«Мен эс алуумду ойдогудай өткөрүп жатам десем болот. Жаңы нерселерди үйрөнүп, көңүлдүү китептерим менен биргемин. Ошондой эле “Болочок медиалагери” убактылуу пандемияга карата белгисиз күнгө жылдырылды. Бирок буюрса барабыз, лагерге камдануудамын.»


Сезим Темирова