"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

«Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун» каржылоосунда тигүү фабрикасы ишке кирди

23 Август 2021 жыл 15:38
Көрүүлөрдүн саны: 64

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 21-августта, Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Түп районунда жакынкы күндөрү эле ачылган 200 жумуш орду менен камсыздаган тигүү фабрикасы менен таанышты.




Мамлекет башчысы андагы иштөө шарттары, иш орундарынын тартиби, өндүрүш техникаларынын абалын көрүп чыкты.
Түп айылындагы ишкана «Салкын» ЖЧКсы — Кыргызстандагы пахта продукциясын өндүргөн эң ири фабриканын филиалы болуп саналат. Ал токулган кездеме, байпак жана башка продукцияларды чыгарат.
Облуста ачылып жаткан тигүү цехтери Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоевдун демилгеси, Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен ачылууда.


Садыр Жапаров Түп айылында бүгүн ачылган 200 орундуу фабриканын мисалында эми Фонддун бардык каражаттары аймактагы ишкерлердин демилгелерин колдоого ачык-айкын бөлүштүрүлөрүн белгиледи,- деди Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Каныбек Адиев.

Муратбек Жумакадыров