"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп районунун Арал айылында спорт зал ачылды

27 Сентябрь 2021 жыл 14:57
Көрүүлөрдүн саны: 79

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылында спортзал салынып, ачылышы болуп өттү.Мурда мектепте бир бөлмөлүү гана машыгуу залы бар болчу. Күн жылуу учурда окуучулар мектеп аянтында дене тарбия сабагын өтүшсө кыш мезгилинде класстарда шахмат, шашки, тогуз коргоол сыяктуу оюндарды гана ойногонго аргасыз болушчу. Учурда заманбап, бардык шарттары бар спорт зал курулуп, ишке кирди. Спорт залдын курулушу «Ысык-Көл өнүктүрүү» фондусунун каржылоосунда ишке ашты.

Спорт залдын ачылышына КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Ысык—Көл өнүктүрүү фондусунун башчысы Самат Медетов, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Данияр Сатаров жана айылдын тургундары, Арал айылдык Кеңешинин депутаттары катышышты.

Арал айылынын тургуну Арстанбек Мусуралиев айылга заманбап спорт залдын салынышы жакшы жаңылык болгон белгилейт. Мектеп окуучуларынан сытркары айыл жаштары дагы кечки убактысын пайдасыз өткөрбөй залга барып ден-соолуктарын чыңдаса дагы болот дейт:


«Спорт залдын жоктугунан көп балдардын таланты ачылбай калып кетип аткан болуш керек деп ойлойм. Спорт залда машыгуу менен бирге жөндөмдөрү ойгонуп, айылыбыздын жаштары спорттун бардык түрү менен катышып, байгелүү орундарды алышат деп ишенем. Биринчиден ден-соолуктарын чыңдашат, экинчиден өздөрүн көрсөтө алышат. Ошондой эле жалпы Арал айылынын жашоочуларына жакшы болду. Замандын талабына ылайык спортко тийиштүү нерселер менен камсыз болду”- деп билдирди айыл тургуну.

Арал айылынын Ж.Ашымов мектебинин мугалимдер жамааты

Белгилей кетсек, спорт залдын курулушун «Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу» каршылаган. Курулуш иши 11 млн сомду түздү. Куруу иштерин «Дизайн Плюс» куруучулар фирмасы аткарды.

Айжан Мырзабекова