"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп районунун Токтоян айылында мектеп ишке берилди

28 Сентябрь 2021 жыл 11:19
Көрүүлөрдүн саны: 71

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Карасаев айыл аймагындагы А.Коёнкөзов атындагы №18 Токтоян жалпы орто билим берүү мектебинин кызыл тасмасы кесилип, пайдаланууга берилди. Буга чейин кабарчылар мектеп авариялык абалда турганын, куруу иштери кечиктирилип жатканын жана спорт залдын жоктугун жазып келишкен. 2014-жылы башталган курулуш иши акча тартыштыгынан улам бүтпөй келген.

2014-жылы башталган мектеп Республикалык бюджеттен 49 млн. 400 миң, 900 сомго курулган, 2 кабаттуу окуу корпусунда спорт зал жана көчмө галереясы бар 150 орундуу мектептин курулушу аяктап, мектеп жаңы окуу жылы алдында, 14-сентябрда пайдаланууга берилди.


Салтанаттуу иш чарада КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев жана Токтоян айылынан чыккан белгилүү инсандар, КРнын Президентинин Кеңешчиси, КРнын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашов, Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин проректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Эмил Каниметов, Кыргыз Республикасынын эл акыны Абдыжапар Эгембердиев, Токтоян айылынын ардактуу аксакалы Аскер Муканбетов, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Эрмекан Дюшебаева, Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыков, КРнын билим жана илим министрлигинин отличниги, “Манас 1000” медалынын ээси, мугалим Калык Албановдор катышып, жаңы мектептин ачылышы менен куттукташып, мектептин өсүп келе жаткан жаш муундарга тийгизген тарбиялык маанисине токтолушту.



Жаңы пайдаланууга берилип жаткан мектептин кызыл тасмасы кесилгенден кийин салтанатка катышып отурган коноктор мектептин ичи-тышы менен таанышып чыгышкандан кийин, мектептин курулушуна мыкты деген баа беришти.
Бир кезде Токтоян айылынан чыккан, Тил илиминин атасы Х.Карасаев, Социалисттик Эмгектин Баатыры, механизатор Ж.Дюшеева, Кыргыздын тунгуч дирижёру Ш.Орозов, 23 жыл Нарын, Ысык-Көл областарында раисполкомдун жетекчиси болуп эмгектенген, мурдагы мектептин курулушуна өз салымын кошкон И.Күчүков, КР Жогорку Кеңешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты,азыркы жаңы мектептин курулушуна салымын кошкон Ж.Каниметов баш болгон инсандардын жолун жолдогондор мектептин ачылышына келишип, мектеп үчүн белектерин, куттуктоо сөздөрүн тартуулашты.

Салтанатка катышкандарга арналып, элден чыккан таланттар концерт жана бийлерди тартуу кылышты.

Муратбек Жумакадыров