"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Элдин үнү: Той-аштарда Covid-19 эске алынып жатабы?

9 Октябрь 2021 жыл 19:48
Көрүүлөрдүн саны: 86

Айыл жергесинде той-аштар көп болууда. Covid -19 болуп жатканына карабай, элдер дагы деле коомдук жайларда жүрүүдө. Көпчүлүк адамдар санитардык эрежелерди сактоону унутуп коюшту.



Сары- Тологой айылынын тургуну Чынар Орузбаева той-аштар көп эле болуп жаткандыгын билдирди:
«Мурунку убак менен азыркы убакыттын айырмасы чоң. Мисалы мурда кучакташып учурашышса азыр кол алып же алыстан эле учурашууда. Көпчүлүк эл беткап тагынбай эле. Ооругандар эле тагынганын көрөбүз. Мен өзүм коомдук жайларда беткап тагынып атам, той- аштарга барганда деле аябай деле учурашпай элебиз. Ошенткен күндө деле той аштар күчөп атат. Ошону менен бирге оору да болуп атат»,- дейт Чынар Орузбаева.

Көпчүлүк эл беткап тагынбай эле деп билдирет Тасма айылынын тургуну Нүргүл Ибраева:
«Ковид-19 жаңы башталганда элдер өз ден соолугуна кам көрүп үйдөн чыкпай эле болчу. Бирок азыр көнүмүш адат болуп калыптыр. Той- топурда эс алуучу жайларда жүрүшөт. Беткап тагынган кишини көрбөйсүң деле. Биз деле алардан айырмаланбай элебиз»,-дейт Нургул Ибраева.

Эркинбек Көчөрбаев мындай деп билдирди:
«Той-аштарга чектелүү эле адамдар барат экен. Массалык маалымат каражаттарында айтып эле жатат той-ашты чектегиле деп, анан учурдагы талапка жараша аракет кылабыз. Өкмөт койгон талаптын баарын аткарууга аракет кылып жатабыз. Билбестиктер болсо эскертебиз. Ушуга чектөө коюп барбай эле коюшса  дейм. Мисалы мен өзүм тойлорго барбай элемин», — дейт айыл тургуну.

Той-аштарга барганда санитардык эрежелерди сактап жатам дейт Тасма айылынын тургуну Чынар Маданбекова:
«Азыркы учурда той-аштар көп эле болуп жатат. Ковид-19 илдетин көпчүлүк учурда жуктуруп алып аткандар болуп жатат. Бул илдет эске алынбай жатат. Той-аштарга барып калсам, көбүнчө беткапты алып жүрүүгө аракет кылам»,- дейт.

Тааныштар менен кол алышып учурашпайын десең да болбойт деп билдирди Дамира Ибраева:
«Көпчүлүккө барганда илдетти ойлоном. Ооругандар жокпу деп сактанайын деп. Бирок тааныштар кезигишет экенбиз, кантип учурашпай коёсуң. Той- ашка барганда эч ким сактана албай калат, беткап тагына албайбыз. Барганча тагынган менен пайда жок. Кудайым эле өзү сактасын деп жүрөм»,- дейт айыл тургуну.

Баян Жайлобаева, Айтунук Токторова