"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп: Эмгеги сиңген мугалим

17 Ноябрь 2021 жыл 18:42
Көрүүлөрдүн саны: 105

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы эмгеги сиңип келген ардактуу мугалим Эркинбай Токтогуловичтин өмүр баянына токтолдук. Кызынын айтуусунда ал адам өтө ишмер, эмгекчил адамдардан болгон. Элге таанымал кишилердин катарын толуктап келген.

Агайды бир гана Тасма айылынын тургундары тааныбастан Чоң- Тогузбай айылынын тургундары да жакшы таанып, сыйлаган жана жаркын элесин сыйлап келишмекчи. Тогузбай айылына мектеп салып, окуучуларга жеңил шарт түзүп берген. Мына ушундай жана башка эмгектери менен ишмер адам болгон.

Молдобаев Эркинбай Токтогулович. 1957-жылы 4-майда төрөлгөн. 1976-1980 жылы Каракол шаарындагы университети, мурдагы ПГПИ нин математика факультетин бүтүргөн. 1980-1981 жылдары Өзбекстандын Жалал- Кудук районунун Абдулабий айылындагы Ленин мектебинде мугалим болуп, эмгек жолун баштаган.

1981-1982 окуу жылынан баштап Асан Сопиев атындагы Тасма мектебинде өндүрүштүк окуу жана физкультура мугалими болуп ишке орношкон. Ишке киришкен алгачкы жылдары эле физкультура аянтчасынын моделин түзүп, областа 1-орунду жеңгени, сыйлык катары спорт инвентарларды алып келгени алгачкы ийгилиги катары мектепте жогору бааланган.

1984- жылы мектепте завуч болуп дайындалган. 1994- жылы Кыргыз Республикасынын Эл Агартуусунун отличниги деген наамды алган. Ошондой эле Чоң- Тогузбай айылынын сегиз жылдык мектебинде 15жыл директор болду. 2002- жылы мектепте билим берүүнү 11жылдык кылып өзгөртүп, элдин күчү менен мектеп салдырганга жетишти. 2008-жылы Асан Сопиев мектебинде директор болуп дайындалды.

2009- жылдын жыйынтыгы менен ишиндеги артыкчылыгы аркылуу «Лидер директор» наамын алды. Мектептин классындагы бөлмөлөргө пол салдырып, тегерегине жаңылануу иштерин жүргүзгөн. 2014-2015- окуу жылдарында мектепте ишин өткөзүп берген. 2021- жылы 8- февральда каза болду.

Наргиза Эркинбаевна үйдүн улуу кызы. Ал атасын эскерип, эскерүүсүн биз менен бөлүштү:

«Биздин атакебиз абдан ишмер адам жана чынчыл, боорукер ошону менен бирге сүрдүү адам болгон. Муну көп адамдар билишет. Ишмердүүлүгү боюнча айта кетсек, Чоң-Тогузбай айылында директор болуп иштеген. Ишин аябай майын чыгара билген адам эле. Тогузбай айылынын мектебин 11 жылдык кылам деп жан дили менен берилип иштеди. Атакебиздин ийгиликтерин айта берсек абдан көп.

Атам дем алыш күндөрү эс алайын дегенди билчү эмес. Дем алышта деле ишке жөнөп кетчү. Дем алышта иштеген адамды көргөн эмесмин, атакеме абдан таң калам. Элдер атабызга сүйлөгөндөн тартынышчу, ушунусу менен атам сүрдүү киши эле. Айтканынан кайтпаган киши болгон. Бир нерсени көздөдүбү ошол нерсеге жетмейинче артка кайткан эмес. Ишине берилип баарына план коюп акырындык менен иштечү. Атабыз коомдук жайларда гана эмес үйдө дагы таза, тыкан болчу. Жумуштан келе жатканда бут кийимдердин чачыгын көрүп ачууланчу. Биз бошобой аткан болсок өзү жыйнай салчу. Чачык же кир жерлерди жактырчу эмес. Тазалыкты, тынчтыкты сүйгөн адам болчу. Ошондой эле бизге дагы туура, так, башкаларга түшүнүктүү болгондой сүйлөгүлө деп үйрөтчү. Өзү дагы катуу- катуу сүйлөгөн адам болчу. Негизинен эле атакебиздин бизге айткан акыл- насааттары, берген билими бизге чооң таасир калтырган. Абдан жакшы киши болчу деп эскере алам. Бардыгы үчүн атабызга абдан ыраазыбыз.» -деп билдирди Наргиза Эркинбаевна.

 

Гүлназ Жумагулова, Сезим Темирова