"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада декабрь айы ВИЧ/СПИДке арналды

25 Декабрь 2021 жыл 17:40
Көрүүлөрдүн саны: 83

«ВИЧ жана СПИД» оорусу күч алып жаткандыктан Тасма айылынын дарыгерлери, айылдын ден-соолук комитетинин жетекчиси жана мектептин соц.педагогу окуучуларга түшүндүрмө беришти. Декабрь айынын биринчи жумасында тегерек столдор өтсө, калган жумаларында 1-11- класстар арасында спорттук мелдештер өтүлдү.

Аталган айылдагы үй-бүлөлүк дарыгер Айгүл Маматова дүйнө жүзүндө СПИД көбөйүп жатат жана бул орчундуу маселе экенин баса белгиледи:

«СПИД» негизи үч жол менен жугат.
1) Энеден балага
2) Кан аркылуу
3) Жыныстык катнаш убагында жугат. Мектепте окуучуларга, бизге келген кардарларга: СПИД деген эмне? Жугуу жолдору кандай? Кантип сактаныш керек? Канткенде жукпайт? Ошолорду түшүндүрүп, айтып, мектепке барып, түшүндүрмө иштерди өткөрүп жатабыз. Элге менин кайрыларым: СПИДке көз карашыңарды түз кылып, өздүк тазалыгыңарды сактап, кокустан жыныстык катнаш болуп кетүүдөн сактаныш керек.»

Түшүндүрүү учурунда

Тасма айылындагы Асан Сопиев жалпы орто билим берүү мектебинин соц.педагогу Ширин Жанекова:
«Айыкпас оорулардын бири бул ВИЧ/СПИД оорусу. Бул дарт көп жылдардан бери жер планетасынын чоң көйгөйү болуп, даарысы бүгүнкүгө чейин жок. Ушу себептен БУУ тарабынан 1988- жылдан тарта 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү деп белгиленип келет. 9-11 класстарынын окуучуларына жылда айылдык УДТ кызматкерлери келип оору тууралуу маалымат берип кетишет. Быйылкы окуу жылында да келип лекция окуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетишти. Ал эми мектепте 1-11-класстардын арасында спорттук мелдеш болуп өттү. 11- класстар арасында тегерек стол өтүлдү.

Спорттук иш чарадан кийин

Асан Сопиев мектебинин 11- классынын окуучусу Амангелди Бейшембаев «СПИД» тууралуу кенен маалымат алгандыгын да спорттук мелдештер байма-бай өткөрүлүшүн айтты:
«Дарыгерлер келип окуучуларга бул оору жөнүндө маалымат беришти. Ошондой эле эстафета өткөрүлдү. Эстафета спорттук оюндарга киргендиктен, спорт менен ар кандай ооруларга каршы тура алабыз. Түшүндүрүү иштеринен өзүмө пайда алдым десем болот. Мисалы, бул жугуштуу ооруну кантип алдын алабыз? жана коргонобуз? деген суроолорго кененирээк токтолуп билип алдым».

 

Сезим Темирова, Кыял Токонаева