"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Республикалык китеп окуу сынагында баш байгени жеңип алган окуучу кыз

27 Декабрь 2021 жыл 15:58
Көрүүлөрдүн саны: 71

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылынын окуучусу, “Нур FM” жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Айжан Мырзабекова китеп окуу сынагында окуучулар арасында 1-орунду ээледи. 20 000 сом жана китептер менен сыйланды.

Айжан сынакка Чыңгыз Айтматовдун “Эрте жазда келген турналар” китеби аркылуу катышкан. Айжан буга чейин дагы китеп окуу сынактарына катышып келгенин билдирди:
«Оку»долбоору 2018-жылы уюштурулган, мен уюштурулган дан бери катышып келе жатам. Менин бул конкруска катышуума эжем түрткү болду, анткени башында мага эжем айтып анан эжем экөөбүз чогуу катышчубуз. Мурункусунда да китеп окуп сынакка катышкам анда да сонун китеп утуп алгам. Мунусунда инстаграммдан көрүп калып шарттарын окуп катыштым. Конкуруска Айтматовдун Эрте келген турналар чыгармасы окудум. Чыгарманы окуп ошол боюнча эле тест тапшырдым китепти абдан жакшы түшүнүп окугам ошон үчүн суроолор оор деле болгон жок”.

Айжан Мырзабекова сынакка катышардан мурда өзүнө максат коюп жеңишке жетерине ишенгенин айтат.

 

Айназик Кубатбекова