"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түптө санарип мугалимдер аныкталды

7 Апрель 2022 жыл 14:32
Көрүүлөрдүн саны: 157

Бир жыл мурун өзүм Санарип мугалим болуп, биринчи орунду ээлеп Түркияга жолдомого сыйлык алдым эле. Эми минтип Чүй менен Ысык-Көл облусуна координатор болуп иштеп, бүгүн сыйлык тапшырдык,- деди Жылдыз Көкчеева, Түп районунун З.Батырбаева атындагы Ичке-Суу жалпы билим берүү мектебинин англис тили мугалими, Санарип мугалим сынагынын координатору.


Сынактан 6 ай бою 6 этаптан өтүшкөн, жеңишке жетишкен сыйлык ээлери :
1- орун Түп району , Наргиза Байзакова — Түптөгү В. Кайкин мектебинин англис тили мугалими -Турцияга жолдомо.
2-орун Жети -Өгуз району : Айнура Исабекова — орус тили мугалими — Ташкентке жолдомо.
3-орун Түп району, Айдай Усупбаева — Түптөгү В.Кайкин мектебинин англис тили мугалими -Ташкентке жолдомого ээ болушту.


Андан сырткары төш белги, грамота жана күбөлүктөр ыйгарылган алдыңкы 10 мугалимдин ичинде Түптөн 2 мугалим бар.
Steam olimpiada боюнча Түп районунан Айгерим Базаркулова Бирлик жалпы билим берүүчү мектептин орус тили мугалиминин 4 окуучусу алтын медалга ээ болуп, өзү жана окуучулары менен Ысык-Көлгө жайкы эс алууга жолдомо алышса, окуучусу Амина Мусабаева чет өлкөгө олимпиадага жана жайында лагерге жолдомо алышты.

«Өзүмө да «Мыкты координатор» деген наам берүү менен Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо беришти.
Айта кетчү нерсе ушул конкурстун уюштуруучусу, Санарип Академиясынын жетекчиси, Баткен облусунан жаш болсо да өзүн эң мыкты көрсөтө алган Асылбек Мадалиевге @asylbek_madaliev»,- деди Жылдыз Көкчеева.

Муратбек Жумакадыров