"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түптө бир адамдан — бир көчөт акциясы болуп өттү

11 Апрель 2022 жыл 12:47
Көрүүлөрдүн саны: 71

2022-жыл «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деген жараянга ылайык, “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгү алкагында 7-апрель революция күнүнө карата Түптөгү «7- апрель» атындагы сейил бакта көчөт отургузуу ишембилиги өткөрүлдү. Ага райондун борборундагы мекеме- ишканалардын кызматкерлери, Түп айыл өкмөтүнүн жамааты катышты.

Түп районунун акими Каныбек Адиев баш болгон бак тигүүдө 200 түп карагайдын, 150 түп кара жыгачтын, 50 түп эмендин, 20 дан ашык түп арчанын, жалпысынан 400 түптөн ашык жалбырактуу жана ийне жалбырактуу карагайлардын көчөттөрү отургузулду.



Отургузулган көчөттөрдүн өсүп, көрккө чыгышына ар бир отургузган адам көзөмөлгө алып, сугарып турмак болушту.

Муратбек Жумакадыров