"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада «Биз сергек жашоону тандайбыз» аттуу спорттук иш чара болуп өттү

14 Апрель 2022 жыл 18:25
Көрүүлөрдүн саны: 76

Тасма айылынын Асан Сопиев орто мектебинин 8-11-классттар арасында «Кургак учук айыгат» айлыгынын алкагында «Биз сергек жашоону тандайбыз» аталышында спорттук иш чара болуп өттү.

Аталган айылдын «Айылдык ден соолук комитети» жана Лиза Кыдырбаеванын демилгеси менен иш чара уюшулуп, окуучуларга кургак учук жөнүндө кененирээк маалымат беришти. Дубал газеталар чыгарылып, эстафета кызыктуу оюндар менен коштолду. Иш чаранын максаты: окуучуларды сергек жашоого үндөп, алардын ден соолуктарын чыңдоо болду. Жыйынтыгында 1-орунду 11-класс, 2-орунду 8-б класс, 3-орунду 9-б класстар ээлеп, грамота жана белектер менен сыйланышты.

Аяна Жайлобаева