"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Караколдо журналисттер аллеясы ачылды

18 Апрель 2022 жыл 12:16
Көрүүлөрдүн саны: 73

Ысык -Көл облусунун жалпы жалпыга маалымдоо кызматерлери «Журналисттер үйү» коомдук бирикмесинин демилгесин «Кумтөр голд компанисинин» жана Каракол шаардык мэриясынын колдоосу менен «Журналисттердин аллеясын» көрктөндүрүштү.


Каракол шаарында Ысык—Көл обласынын жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкерлери, облустук өкүлчүлүктүн, мэрдин жана башка мекеме- ишканалардын пресс-катчылары, жааматтык мультимедиа жана ардагер журналисттер катышкан ишембилик болуп өттү,- деди Журналисттер үйүнүн директору Нургүл Шаршембиева.

Облустагы алгачкы «Журналисттердин аллеясын» көрктөндүрүү иш чарасы боюнча «Журналисттер үйү» коомдук бирикмесинин демилгесин «Кумтөр голд компанисинин» жана Каракол шаардык мэриясынын колдоосу менен көптөн күткөн эңсөөбүз ишке ашты.

Биздин максатыбыз кайсы Жалпыга маалымдоо каражаттарына иштегенибизге карабай көлдүк журналисттердин башын кошуу болуп саналат. Андан сырткары биздин көлдүк журналисттер республикадагы журналисттердин алдында болуп, коомдун күрөө тамырын сезе билет. Бир мисал катары айта кетсем өлкөбүз эгемендүүлүктү алган жылдары эле алгачкылардан болуп өлкөбүздө көз карандысыз теле радиостанция түзүлгөн.

Андан бери канча журналисттерди тарбиялап, облусубуздун социалдык экономикалык абалын ондоого өз салымдарын кошуп келди.
Биздин журналисттер коомдук фондусу журналисттердин үйү бар, эми аллеясы болсун деп идея көтөрдүк. Өзүңүздөр билгендей президент быйылкы жылды «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыялаган. Бирикккен Улутттар уюму президент Садыр Жапаровдун бул демилгесин колдоду. Ага удаа эле президент «Жашыл Мурас» кампаниясын жарыялады.

Ал эми биз да четте калбастан сүйүктүүКаракол шаарыбызды көрктөндүрүү үчүн «Журналисттердин аллеясын» түптөп жатабыз. Келечекте көлдүн журналисттери ынтымактуу болуп дагы далай иштерди жасайбыз деген ойдобуз.

Улуу муундагы журналист агай эжелердин улуу көчүн улап, телефон көтөргөндүн баары эле журналист болуп калган учурда биз журналистиканын бейтараптуулугун сактап, классикалык үлгүсүн көрсөтөлү. Келечекте аллеябыз шаардын жашоочуларынын сүйүктүү жайына айлансын. Балдарыбыз биз менен сыймыктангандай болсун»,- деди Нургүл Шаршембиева.

Муратбек Жумакадыров