"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп районунан 16 окуучу ЖРТга бекер даярдануу үчүн Бишкекке келишти

10 Май 2022 жыл 17:09
Көрүүлөрдүн саны: 118

Түптүн мыкты окуучулары Бишкекке ЖРТга даярдык көрүү үчүн келишти. Бүтүрүүчү 260 окуучунун ичинен тандалып алынган мыктылар үч жума аралыгында борбордогу эки окуу борборунда тесте даярдык көрүү менен окуу жайларга жана көрүнүктүү жерлерге экскурсия кылышып, көрүнүктүү инсандар менен жолугушмакчы.

Иш-чаранын максаты мыкты окуган окуучуларды колдоо аркылуу бюджеттик орундарга өтүүсүнө өбөлгө болуу. «Прогресс- Түп» коомдук бирикмесинин жетекчисинин бири Табылды Муратбеков билдиргендей райондогу окуучуларга мындан сырткары дагы бир топ иш чарлалар өтүп жатат:


«Быйылкы окуу жылына “задача”: минимум эки «алтын сертификатка» ээ болуу.Аталган иш-чара “Прогресс-Түп” коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн демилгеси жана каржылык колдоосу артында ишке ашууда,- деди Табылды Муратбеков.

Муратбек Жумакадыров