"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

«Түп энциклопедиясы» китебинин бет ачары өткөрүлдү

11 Май 2022 жыл 11:02
Көрүүлөрдүн саны: 102

Түп районундагы маданият үйүндө «Түп энциклопедиясы» китебинин бет ачары иш чарасы өткөрүлдү,- деди М.Элебаев атындагы Түп райондук китепкананын директору Фатима Матаева. Маданият үйүнүн кире беришинде китеп көргөзмөсү жасалган.

Иш- чарага катышуучуларды Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Эрмекан Дюшебаева куттуктап, жаңы жарык көргөн «Түп энциклопедиясын» бет ачарын сунуштады. Түп энциклопедиясы китебинин бет ачарында слайд көрсөтүлүп, китептин алгачкы партиясы райондогу айылдык 30 китепканага белекке берилди.

Китеп күнүнө карата В.Кайкин атындагы Түп мектебинин окуучулары көркөм окушуп, Түп балдар музыкалык мектебинин окуучулары музыкалык аспаптарда ойношуп, «Айданек» бийчилер тобу бийлешип, катышуучуларга жаркын маанай тартуулашты.

Район боюнча өткөрүлгөн «Китепкөй Түп» бир айлык акциясынын жана Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата чыгармаларынан саякат викторинасынын жана «Жомокторго саякат» балдар сүрөт сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыкка китептер берилди. Эки китептин маеги, «Китеп билим булагы» оозеки журналдары жана «Түп кайрыктары» поэзия клубунун мүчөлөрү өз өнөрлөрүн тартуулашты. Акырында Түп райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Турдугул Жаныманова менен райондук китепкананын директору Фатима Матаева китептин бет ачарына катышып жаткандарды куттукташты.

Муратбек Жумакадыров