"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Ашлянфу жасап кошумча киреше тапкан айым

4 Июль 2022 жыл 15:27
Көрүүлөрдүн саны: 134

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Сайкал Мукалиева үйдөгү жумуштардан тышкары бекер отурбастан, ашлянфу жасап сатып, киреше табат. Келечекте Тасма айылына өзүнүн жеке кафесин ачууну каалайт.

Сайкал Мукалаева

Мен Мукалаева Сайкал. Бирок элдерге Саки Табалдиева деп таанылып келе жатам. Себеби ушул псевдонимди тандап алдым эле. Эң биринчиден мен тамак-аш жасап, инстаграм баракчама киргизип, ушундай видеолор менен алек болчумун. Азыркы учурда кичине башка жакка өтүп бара жатам.

 -Сиз эмнеден улам айылдагы тургундарга ашлянфу жасап сатып баштадыңыз?

-Бул ашлянфу жасап сатып калганым бала чактан бери эле. Кичинекей кезимде апам менен Бишкеке барып биз ошол жерден «Каракол ашлянфусу» деп сатып иштечүбүз. Бул он беш жыл мурун болгон. Андан кийин 7-класс кезимде апам өз алдынча иштегин деп таштап кеткен. Бир ай өзүм жалгыз иштетип, дасыгып калгандыктан, кийин турмушка чыгып келин болуп келгенде кайненем, жолдошум, кайнатам сенин ашлянфун жакшы, сонун жасайсың, сатсаң болот деп мага ушундай дем күч беришкен. Майрамдарда мектепке барып анда-санда сатып турчумун. Быйыл эми үйдөн сатып көрөйүн деп чечтим.

 -Сиз кайсы жерден ашлянфу жасаганды үйрөнүп сатып жатасыз?

-Ашлянфу жасаганды мага апам үйрөткөн. Апам өзү мыкты кожойке. Үйдөн жанында жүрүп эле үйрөнүп алып, баягы адамдын өзүнүн шыгы болсо ар жагында дээринде бар болсо, бат илип алат демекчи, мен ошо бат эле үйрөнүп кеттим. Азыр мамам дагы менин ашлянфумду мактап ичет ушул тапта.

 -Ашлянфу жасап сатканда көпчүлүк кардарлар үйгө келип ичип кетишеби же үйлөрүнө салып кетишеби?

-Кээ бир учурда түшкү маалда, келип ичкендер да, салып кеткендер да болот. Азыр көбүн эсе келиндерге жакшы, түшкү маал учурунда тамак жасагандын ордуна ашлянфуга буйрутма берип коюшат. Пирожкисин бышырып, даярдап коём же болбосо берип ийем, алдыртып алышат ушундай сыяктуу ар кандай.

-Сиз жасаган ашлянфу кардарларды өзүнө эмнеси менен тартып турат деп ойлойсуз?

-Мындай тигиндей деп мактана албайм. Эң биринчи адамдык сыпат болуш керек деп ойлойм. Адамды кандай жакшы кабыл алсаң, жаркылдап тосуп алсаң, адамды өзүңө тартып ала турчу бир жакшы мамилен деп ойлойм. Ошондон улам, ушул келиндики жакшы деп келиши мүмкүн. Айта кечү нерсе мен эч кандай кошулмаларды кошпойм. Апам айтып калат: илгери ушундай ашлянфу иччүбүз даамы ушундай, кошулмалары жок. Табигый болгон нерселер менен эле, биз колдонуп жүргөн туз, уксус дегендерден башка эч нерсени кошпойм жана тамак жасап жатканда эң негизгиси өзүмдүн сүйүүмдү кошом.

 -Ашлянфу жасоодо үй жумуштарына тоскоолдук кылбайбы?

— Жок кылбайт. Себеби мен кечинде загатовка кылып коём. Мисалы: крахмал уютуп,соуска сууларды кайнатып, муздатып коёмун. Эртең менен тура калып камырын жасап, куурчуларын кууруп ийем. Себеби жаңы болсун деймин. Ансыз деле ушундан пайда түшүп жатат, адамдары өзүңө тартыш үчүн тамагын ар дайын жаны жана таза жасалышы керек деп ойлойм.

 — Ашлянфу сатканда канча киреше табасыз жана азыр азык-түлүктөр да кымбат болуп жатат, ага канча акча сарпталат?
— Мага эч кандай чыгаша чыкпайт. Себеби мен бир жумада бир дярдык кылып, азык-түлүктөрдү алып, акчаны да эсептеп коём. Бир жумада алган азык- түлүктөн көбүн эсе эле түшөт. Себеби эртен менен ашлянфу жасайм. Түштө болсо балдарыма, үй- бүлөмө ашлянфу жана ысык пирожки менен чай берем. Андан кийин кечинде башка тамак жасайм. Ал эми ашлянфу сатпаган убакта түштө деле тамак жасачумун ошондуктан бул күнүмдүк эле бизге да тамак катары кете берет. Чыгым чыгат деп айткандан алысмын, эсептеп көрсөм киреше жакшы түшөт экен. Тамакта береке болот, анан эң негизгиси мага акча эмес адамдардын жактырып ичкени.

 -Сиз өзүңүздүн жеке ишкаңызды ачкыңыз келеби?

-Оа албетте ачкым келет. Ушуга акырындан болсо дагы кадам таштап жатам, бая айтат эмеспи: » Башталат баары майдадан,байкабайт аны майда адам» демекчи ар бир нерсе майда нерседен башталат акырындап чоң максаттарга жетем буюрса. Ага менин үй-бүлөмдүн, жолдошумдун, апамдын мага дем күч берип, колдоп- коштоп турганы абдан мени сүйүндүрөт жана максатка жетүү үчүн болгон аракетимди кылам. Буюрса Тасма айылына кафе ачам деп кыялданып жүрөмүн.

Кыял Токонаева