"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Чоң Тогузбай айылында беденин түшүмү мол болууда

4 Июль 2022 жыл 15:09
Көрүүлөрдүн саны: 80

Түп районунун Чоң Тогузбай айылында малга тоют катары беде чөптү коп өстүрүшөт. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу беденин түшүмү 4-5 эсеге мол болгонун дыйкандар айтууда.

— Саламатсызбы!
— Саламатсыздарбы мен Тилек Орузбаев. Чоң-Тогузбай айылынын тургуну болом. Быйыл аба-ырайы жаанчыл болуп, жакшы түшүм алдык. Баасы да ошого жараша арзан болду. Былтыркыга караганда 4-5 эсе чөп жогору болду.

Жыйылган чөптөр

-Кызматтын баалары кандай болуп жатат, сизди канаттандырып жатабы?
-Эми быйыл балдар бригада болуп тартып жатат, жүктөп түшүргөнүнө 20сомдон төлөнөт. Ал эми техника, машинага өзүнчө төлөп жатабыз.

-Техника, машинага канча төлөп атасыз?
-Ал машинанын рейси, жердин узактыгына жараша болот, бензинди ошого жараша куябыз, айыл ичи рейсине 500сомдон төлөйбүз.

-Бензин, солярканын кымбаттаганы кыйынчылык келтирбей элеби?
-Кымбатчылык кыйынчылык эле келтирип атат, техниканын баасыда жогорулап атат, айла жок чаптырабыз, жыйнаш керек, малга тоют даярдаш керек. Ошо менен катар быйыл түшүм жакшы болду, чөптү саттык. Өзүбүзгө жетишерлик жыйнап алдык.

Үйлөргө чөп түшүрүү учуру

-Чөптүн сапаты быйыл кандай болуп жатат?
-Чөптүн сапаты жакшы болду күн тийди, күн ысып убагында кургатып, убагында жыйнап алдык.

-Маегиңизге чоң рахмат!

Асема Арунова