"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Кооз сумкаларды, гүлдөрдү жасап кошумча киреше тапкан айым

4 Июль 2022 жыл 15:18
Көрүүлөрдүн саны: 85

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында үй тиричилигине карабастан өзүнүн колу менен кооз сумкаларды, гүлдөрдү жасап саткан Айсулуу Талантбек кызы кошумча киреше таап келет. Учурда кызыгып, окуп үйрөнөм деген окуучулары бар.

Колго жасалган сумкалар

— Бул ишти кантип баштап калдыңыз?

— Биринчи кол өнөрчүлүгүмдү гүл жасоо менен баштагам. Гүл жасаганыма үч жыл болуп калды. Аны түрдүү кагаздар менен колго жасалган каробкага отургузуп заказ менен жасайм.
— Эмне себептен бул кол өнөрчүлүккө кызыгып калдыңыз?

— Бул ишке кызым боюмда барда, кызыл-тазыл кызга керектүү нерселерге көп кызыктым.Курбу кызыман кеңеш алгам. Ошондон кийин материалдарын алып жасап баштагам. 1жылдан кийин сумка жасаганга кириштим.
— Окутуу курстарына жазылып үйрөндүңүзбү сумканы?

— Сумканы курска жазылып, миң сом төлөп үйрөнүп баштагам. Биринчи баштаганда колго түйүп жасадым. Окутууда бир түрүн гана үйрөнгөм. Андан кийин өзүм өздөштүрүп кетип, касметика салганга ылайыктап кичинекей сумкаларды жасадым. Азыр болсо сумканын түрүн жасап, сатып калдым. Үч жылдан бери гүлдөрдү, сумкаларды жасап өзүмө киреше табып келем.
— Кандай материалдар колдонулат?

— Сумканы жасоодо биринчи крючок керектелет. Анткени крючоксуз сумканы түйө албайбыз. Эки түрдөгү материал кетет. Биринчиси кесилип жасалган чүпүрөктөн. Биринчи ушул материал менен жасагам. Кийин өздөштүрүп үйрөнгөндөн кийин бышыктыгына карап шунур жип менен баштадым. Элге жүз пайыз жаккандай кылып, бышыктыгына басым жасадым. Азыр шунур жип менен жасап, сатып жатам.

   
— Көбүнчө айылдагы тургундарга сатылабы же шааргабы?

— Айылда болгондуктан көбүнчө айылдагылар алат. Реклама кылам ошондо шаардагыдардан, Бишкектен бери дагы жакшы заказдар түшөт. Кызыккан кардарлар көп.
— Магазиндерге сатыкка коюп жатасызбы?

— Сумкаларды магазиндерге койгонго убактыс жок болуп жатат. Себеби, үй тиричилиги менен бошой албай калам. Гүлдөрдү магазиндерге койуп келем жана өтүүсү жакшы деңгээлде.

Майрамдарга карата букеттерди жасап дүкөндөргө коет

— Жасаган буюмдарыңыз эмнеси менен кардарларды өзүнө тарттырып турат?

— Биринчи эле бары сапатына, бышыктыгына карашат. Ошондой эле кооздугу, жакшы түйүлгөнү менен кызыктырып турат деп ойлойм.
 -Канча киреше табасыз?

— Гүлдөрдү ата-энесине, мугалимине, жакындарына арнап заказ беришет. Кичинекей гүлдөр беш жүз, алты жүздөн сатам. Чоң гүлдөрдү бир миң алты жүздөн, бир миң сегиз жүзгө чейин сатам. Бир заказ түшкөндө жакшы эле болот, канааттандырарлык.
— Жеке иш караңызды ачкыныз келеби?

— Албетте өзүмдүн иш канам болсо жакшы болот. Алдыда жакшы пландарым бар. Жеке иш канамды ачкан күн да келет деп ишенем.
— Сизден окуп үйрөнөм дегендер болуп жатабы?

— Гүл жасаганды бир эже үйрөнөм деген. Онлайн форматта сабак өткөм. Ал дагы үйрөндү, колго жасап сатат. Сумканы дагы үйрөнөйүн деген сунуштар көп эле келет. Азырынча убактым жок, бирок жакында үйрөтүп, окутам.

 

Сезим Темирова