"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Үрөн тазалоочу ишкана айыл элине кызмат кылат

4 Июль 2022 жыл 13:54
Көрүүлөрдүн саны: 52

Түп районунун Чоң- Тогузбай айылында чакан үрөн тазалоочу ишкана бар. Ал 1990-жылдан бери иштейт. Бул ишкана үрөн гана тазалабастан, малга жем, талкан тартып даярдап берет.

Учурда ишкананы Урмат Мукамбетов уулу Сыймык менен биргеликте иштетип келишет.

үрөн тазалоочу аппарат

“Жалпы дыйкандардын арпа, буудайларын үрөнгө даярдап беребиз. Жана биз тазалап берген үрөндөр менен жер иштетишет. Ишкананы иштетүүдө кыйынчылыктар бул темир болгондуктан, ысык- суукта сынат, ошолорду бир ыкта алып жүрүү үчүн аракет кылабыз. Бизге Карасаев айыл өкмөтүнөн үч айылдан келет жана Сары Тологой, Аралдан бери келип тазалатышат. Келечекте техникаларды жаңыртып, дагы да элге кызмат кылуу пландарыбыз бар”,-дейт Сыймык Мукамбетов.

Бул ишкана иштебей калса айыл эли кыйналат, анткени элдин көпчүлүгү дыйканчылык менен алектенет.

“Бул ишкана Тогузбай эли үчүн эле эмес башка айылдар үчүн да кызмат кылып жүрөт. Дайыма үрөндөрүбүздү тазалатабыз, баалары канааттандырарлык деп ойлойм, анткени булар электр энергиясы менен иштегендиктен чыгымдары көп эле болуш керек”,- деди айыл тургуну Зарина Джумабекова.

Мындай үрөн тазалоочу ишканалар Карасаев айыл өкмөтүнүн Тасма айылында да бар. Ага карабастан жазгы айдап себүү учурунда кезекке турган дыйкандар көп.

Алия Замирбекова, Зарина Джумабекова