"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылынын мектеби капиталдык ремонттон өтүп жатат

4 Июль 2022 жыл 14:27
Көрүүлөрдүн саны: 67

Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы №19 мектебинин сырткы көрүнүшү жана спортзалы жаңыланып жатат. Ремонт иштери жергиликтүү бюджеттен, республикалык бюджеттен жана Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.Бригаданын жумушчусу Рысбек Эсентуровдун айтымында:
«Мектептин жумушун баштаганыбызга 2 айдай болуп калды. Биринчи мектептин сыртындагы акиташтарды түшүрүп алдык андан соң маңдайын шыбаганга кириштик. Ал эми азыркы учурда сыртына боёк чачып атабыз. Учурда 10 жумушчу иштеп жатабыз».

«Каракол Курулуш»фирмасынын жумушчусу

Асан Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектептин директору Алик Мамытов мектептин сыртын жана спортзалды толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн үлүштүк дем берүүчү грантка долбоор жазылганын айтты:
“Суммасы 4млн 200 миң сомдук. Бул жерде жергиликтүү бюджеттен 360миң сом, калганы республикалык бюджеттен, 900 миң сом Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн. Курулушту «Каракол Курулуш» фирмасы жасап жатат. Мурда мектепте жаан тоскучтар болбогондуктан мектептин үстүнөн аккан жаандын бардыгы мектептин жер төлөөсүнө кирип сиңип кетчү. Ошондуктан жер төлөө да пайдаланууга жарабай калган. Дагы мектептин капталдарындагы тактайлары да чирип баштаган. Ошонун баарын жасап баштадык. Азыр фронтондор, жаан тоскучтар жана мектептин сыртын толугу менен шыбалып, анын сыртынан текстура менен чачылат. Текстураны да өзүбүз заманбап түрдө тандап жасатып жатабыз.

Жумушчулар иш үстүндө

Жана мектептин спорт залынын дагы полдору окуу жылынын аягында такыр жараксыз болуп калган. Спортзалдын полун алмаштырганга эле 900 миң сом каражат кете тургандыгын билип жасаткан атабыз. Ал полдон биринчи стяжка куюлуп анын үстүнөн резиновый материал төшөлөт. Азыр капиталдык ремонт толугу менен бүтө элек бүткөндө заңгыраган заманбап болуп ишке кирет деп ишенип жатабыз.”


Ремонт иштери август айында толук бүткөрүлүп, ишке берилет деп күтүлүүдө.

Айназик Кубатбекова