"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Ыктыярчылар жаңылык жазууну үйрөнүштү

4 Июль 2022 жыл 13:44
Көрүүлөрдүн саны: 88

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылындагы Нур ФМ жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары үчүн 3-4-июлда тренинг өтүлдү. Тренингге жалпы 12 киши катышышты. Негизги максаты жаңылык жазууну үйрөтүү.

Тренинг учурунда

Катышуучулар тренингге өзүн өнүктүрүү үчүн келгенин билдиришти.
“Мен Алия Замирбекова Чоң- Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы №29 мектебинде окуйм. Бул тренингге өзүбүздү өнүктүрүү үчүн жана керектүү малыматтарды алыш үчүн катыштык.Тренинг абдан жакшы болду. Интервью алууну, кантип туура сүрөткө тартуу керектигин үйрөнө алдым”.

Сүрөт тартуунун эрежелери тууралуу айтылды

Тренинг Кыргызстандагы Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын Ассоциациясынын колдоосу менен өткөрүлдү. Окутуучу Айзада Калканбекова катышуучулар активдүү катышкандыгын белгилеп өттү:

Ыктыярчы Сезим Темирова жайкы мектеп тууралуу айтып берди

«Тренингдин негизги максаты Нур ФМ жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчыларынын ишин активдештирип, андан тышкары жаңылык жазуунун стандарттарын кеңири түшүндүрдүк. Жаңы келген ыктыярчылар дагы бар. Аларга мультимедиа борбордо жаңылык жазуунун эрежелери менен да кеңири тааныштырыш керек болчу. Тренинг ыктыярчылардын кругозорун кеңейтүүгө, техника менен иштөөнү, адамдар менен мамиле курууну үйрөнүүгө андан тышкары дагы айылдагы ар кандай темаларды маселелерди алып чыгууга үйрөтөт. Нур ФМ жамааттык мультимедиа борборуна 1 жылда 2-3 жолудан келип тренингдерди өтүп турчубуз.

Жаңылыкка тема тандоо таза абада өткөрүлдү

Мындан ары Нур ФМдин ыктыярчылары активдүү иштеп өздөрүн көргөзсө, биз дагы Бишкек шаарына тренингдерге чакырабыз жана келип дагы тренингдерди өтүп турабыз ар кандай темада. Чоң Тогузбай айылында дагы Нур ФМдин алдында ачылган мультимедиа борбор бар, андан келген жаңы ыктыярчылар жана жетекчиси келип, алар дагы кызыккандыгын билдирип активдүү катышты. Кечээ берилген темага интервью алып сүрөттөрүн дайындап, видеого тартып дайындап келишти”,- деп билдирди.

 

Айзада Туратбекова, Айдеми Барктабасова