"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Жеке ишкер айылды жумуртка менен камсыз кылат

4 Июль 2022 жыл 14:41
Көрүүлөрдүн саны: 86

Чоң Тогузбай айылынын тургуну Эльнура Доктурбаева кесиби боюнча мугалим. Азыркы учурда декреттик өргүүдө олтурганына байланыштуу, үйүндө “Несушка Тайланд” пародасындагы тоокторду багып, жумурткасын сатып, киреше табууда.

Жеке ишкер кичи бизнеси тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду:
“Биз былтыртан бери тоокторду багып баштадык. Негизинен жумурткага карап бактык, анткени булар пародасы «Несушка Тайланд». Мындай тооктор жумуртканы күнүгө куру калтырбай тууйт.

Тооктор

Азыр бизде 150-160 даана тоок бар. Күнүнө алардын 90 пайызы жумуртка берет. Караколго алып барып атайын өзүбүздүн кардарыбыз бар, ошол эжеге өткөрөбүз. Баасы азыркы учурда 7 сомдон болуп жатат. Келечекте пландар ушул ферманы дагы чоңойтуп алсак деген оюбуз бар”.

Айыл тургундары жеке ишкерден жаңы чыккан жумурткаларды алып көнүп калышты. Алардын бири Асель Кадырова жумурткаларды өзү эле колдонбостон, шаардагы балдарына да берип жиберерин айтат:
“Негизи тоок ферма болгону абдан жакшы экен. Биринчиден бул фермадагы тооктор, жайы- кышы дебей тууйт экен, ошонусу менен жакты. Биз айылда деле тоок кармайбыз, бирок айылдагы фермадагыдай бага албайт экенбиз. Атайын өзүнүн жемдерин алып келип беришет. Анан Бишкектен, шаардан, балдар келет, кышкысынбы жайкысынбы аларга чуркап барып эле алып келебиз. Шаарда жашагандарга 2-3 лоток сатып бере турган болсоң, 1кг эт алгандай эле болушат.


Дайыма жаңы жумуртка ала алабыз , 1-2 күн мурун чалып коёбуз. Анан өзгөчө кышында аябай жумурткага муктаж болгондо каалаган убакта алып турабыз”.

Негизинен айылда көп тоок кармап, элди жумуртка менен жылы бою камсыз кылган ишкерлер жок. Эльнура Доктурбаева жолдошу Алымбек экөө алгачкылардан болуп бул ишти баштады.

Тооктордун 90%ы күнүгө жумуртка берет

Назима Мурзакулова, Зарина Джумабекова