"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Куран окутуу курсу менен онлайн кирешеге чыккан айым 

10 Июль 2022 жыл 23:43
Көрүүлөрдүн саны: 119

 

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Сайкал Мукалиева айылдагы тиричиликке карабастан башкаларга өз пайдасын тийгизүүдө. Интернет аркылуу эле куран китебин үйрөтүп, жана андан түшкөн каражаттын үчтөн бир бөлүгүн кайрымдуулук фондуна жумшайт.

Сабак өтүү учуру

— Бул курсту сиз кантип ачып калдыңыз?

 

-Мен бул курсту ачсам деп көптөн бери ойлоп жүргөм. Бирок онлайн форматта деп элестеткен эмесмин, бир жерге барып же медресеге же болбосо кандайдыр бир окуу борборуна барып окутсам деген ойлорум бар болчу. Онлайн түрүндө азыр инстаграмм баракчада ар кандай тренингдер, конкурс же марафондор өтүлүп жатат. Мен ошолорго катышып жатып эле, эмне ачсам деген ниет пайда болду. Ошондон улам өзүмдүн жүрөгүмө жакын жана билимим боюнча сабак ачайын деп ушул окуумду ачып алдым.

Маектешүү учурунда

— Куран боюнча өзүңүздүн билимиңиз барбы?

 

— Өзүмдүн куран боюнча билимим бар. Он беш жыл мурун Токмок Ивановка медресесинде эки жыл билим алганмын. Ошол жерден кыздарды бир жыл окутуп, шариятта «Куран окутуунун устазы» деп коет устаз катары эмгектенгем.

— Азыр канча бала окутуп жатасыз?

— Учурда он сегиз кыз окутуп жатам. Кыз дегеним айымдар. Аларга чектөө жок, он беш жаштан элүү беш жашка чейинки айымдар окуса болот. Азыркы учурда он алты айым окутуудамын, эки группа. Биринчи группада сегиз айым, экинчи группада да сегиз айым.

— Куран окутуу курсун качан баштадыңыз эле?

— Куран окутуу курсун ачканыма үч ай болуп калды. Баштаган күнү эле беш айым жазылып, беш айым менен баштагам. Ал айымдар нөлдөн башташкан. Нөлдөн дегеним бул алфавиттерди жаңы үйрөнүшкөн. Араб алфавитинен башташып, азыр куранга жетишти, ар бир сүрөнү өз алдынча окушат.

— Канча айымды үч ай ичинде толук окутуп бүттүңүз?

— Негизинен үч ай ичинде толук окутуп бүтүү мүмкүн эмес. Себеби ар бир айымга төрт же беш ай керектелет. Ал айымдардын өз аракеттерине жараша болот. Куранды нөлдөн баштап толук окуп бүтүп, «хатм» деп коет отуз пара, отуз паранын ичинде ар бир парада он барактан жыйырма бет болот. Ошол отуз параны окуп бүткөнчө төрт, беш ай керектелинет.

— Ушул курсту ачканга сизге ким түрткү болду эле?

— Ушул курсту ачканыма эжем түрткү болгон. Ал эжем өзү инстаграммдан ушундай СММ адисин, маркетинг, таргет бөлүмүн окуп, анан мага сунуштап калды. Дагы бир тааныш эжем бар. Ошол эжеме куранды онлайн түрүндө эле үйрөтүп жатып, ал эжем «сенде аябай мугалимдик сапат бар экен, ушуну колдонуп, кыздарды окутсан, кыздарды чогултуп, жардам берем» деп эле мага дем- күч берип, шыктандырды. Ошондон улам бул окутууну баштап калдым.

-Бул курстан сиз канча киреше табасыз жана тапкан кирешеңизди кайда жумшайсыз?

Бул курстан ар бир айымдан айына 1000 сомдон кабыл алам. Кээ бир айымдардын жашоо шартына карап 800, 500сомдон аламын. Жана ар бир группага эки айымды бекер окутууга кабыл алам. Ал айымдардын жашоо турмушун, үй-бүлөлүк абалын карап туруп, чыныгы муктаж окуйм деген айымдарды окутамын. Ушудан түшкөн каражаттын үчтөн бир бөлүгүн алып туруп эле кайрымдуулук фондуна жумшайм. Калганын ушул эле окуума жумшайм. Мисалы: маркер, лампа, дептер, такта, калем алам. Эң негизгиси бул курсту ачканымдын себеби мага акча эмес, акча табам деп ачкан эмесмин. Көбүрөөк сооп табып, элдерге араб тилин үйрөтсөмбү деген ниет менен ачкам. Эми буюрса келерки пландарым ушул түшкөн акчанын канча бир бөлүгүн өзүмдүн кайра окуумду дагы-дагы өркүндөтүш үчүн аракет кылып жатам. Чет өлкөдөн онлайн түрүндө сабак алып грамматикамды өздөштүрүп алсам деген ниеттерим бар.

 

-Онлайн курсунан сырткары офлайн курсун дагы ачкыңыз келеби?

Албетте, ушуну ойлонуштуруп жүрөм. Мага сунуштар түшүп жатат, окуучу кыздар жана ушул айымдар, апалар үйгө келип окусак болобу деген суроолор болуп жатат. Октябрдан баштап офлайн түрүндө ачып окутайын деген ниетим бар.

 

Кыял Токонаева Сезим Темирова