"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада Курман айтты майрамдашты

11 Июль 2022 жыл 0:13
Көрүүлөрдүн саны: 87

Курман айтта курмандык чалуу бул — Ибрахим Алейхи Салам Аллахка сөз берет. Мага бала берсең ошол баланы да сенин жолуңа курмандык чалууга даярмын деп. Көп жылдар өткөн соң Ибрахим балалуу болот. Берген убадасын эсинен чыгарат, Аллах түшүнө аян берип, Ибрахим Алейхи Саламдын баласын курмандык чалып жаткандыгы кирген. Баласы бул окуяны угуп Аллахка баш ийерин айткан. Ошентип курмандык чалууга убакыт жетип, курч бычак балага өтпөй койгондо асмандан кой түшүрүлгөн экен.

Айттоо мезгили

 

Ушундай сыяктуу майрамдар менен тууганчылык дагы бекем сакталат деп билдирди Кенже Айбашова:

Кенже Айбашова

«Биз үй бүлөөбүз менен Каракол шаарында жашайбыз. Түпкү эли журтубуз Тасмада. Мында бир туугандар чогулуп алып Курман айтта, Орозо айтта жана эскерүү күнүн өткөрүп, өтүп кеткен ата бабалардын арбагына куран окуп, мал сойуп бата кылабыз. Курман айтта келип айттап, куран окуп, бир туугандар болуп чогулабыз. Эң негизгиси балдарыбыз тугандарын, айылын унутпасын деп ушул ынтымак тамакты уюштуруп алганбыз. Улуу муундарды көрүп кичиүү балдарыбыз да тарбия алууда. Кийин ушул ынтымакты уланткан жаштардан болот деп терең ишенем».

Эң биринчи айт намазга баруу керек экенини айтат Тасма айылынын тургуну Калыс Токталиев :

Тасма айылынын тургуну Калыс Токталиев

«Курман айтта тамак ичип туруу эмес курманчылык чалуу бул Аллах тааланын буйругу Ибрахим алейхи саламдан бери келе аткан Аллах тааланын бизге көрсөткөн буйругу. Курманчылыкта эртең менен эң негизгизи биринчи айт намазы окулат. Андан кийин ошол айт намазын окуп чыккандан кийин бир адам кой сойот же бир эчки, жети адамга чейин биригип уй баласы сойулат, эки жашка чейин жети адам биригип төө сойсо болот»,- деп билдирди айыл тургуну.

Курман айтта курманчылык чалып каза болгондорду эскерип чогулуп тамак ичебиз. Ал биздин ыйык милдетибиз дейт Атыр Ыдырыс кызы:

Аталган айылдын тургуну Атыр Ыдырыс кызы

«Курман айтта ар дайым майрамдайбыз. Курманчылык кылып, кошуналар, туугандар болуп айттайбыз. Балдарыбыз өмүрлүү бактылуу таалайлуу дендери сак, ынтымактуу болсун дейбиз жакшы жашасын деп тилейбиз.

Гүлназ Жумагулова, Фатима Эсенканова