"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Карасаев айыл аймагында көптөн күткөн жол жасалууда

5 Октябрь 2022 жыл 23:12
Көрүүлөрдүн саны: 173

Ысык- Көл облусунун Түп районуна караштуу Карасаев айыл өкмөтүндө көптөн күткөн элдин үмүтү акталып, жол оңдоо иштери башталдып, жарым- жартылайы бүтүп калды. Айыл тургундарынын айтымында жол союз убагынан берки элдин көйгөйү болуп келген. Азыркы убакта жол асфальт менен төшөлүп, үчтөн эки бөлүгү бүтүп калды. Калган иш токтоп турууда.

Оңдоп- түзөө иштери

Түп райондук жол оңдоо ишканасынын башчысы Рысбек Исмаиловдун айтымында:

«Карасаев айыл аймагындагы жол Михайловка, Николаевка, Токтоян, Сары- Тологой жолу болуп аталат. Ушул аймакта жүрүп жаткан курулуш алтымыш жарым киломерден, алтымыш алты жарым киломерге чейин. Каражаттын тартыштыгына байланыштуу алты километрден, үч километри толук бүтүп калды. Акча каражаты болуп калса калган үч км/ди улайбыз. Жол республикалык бюджеттен каралып жатат жана орто ремонтуна кирип калат. Бул иштерге биз өзүбүз жетише албаганыбызга байланыштуу «Дор строй плюс» деген фирма ишти алып барып жатат.

Акча жок болгондуктан иш токтоп турат, эгерде акча каражаты берилсе бир жуманын ичинде бутобуз. Жолдун Михайловка тарабы бир километр бир жүз метр чакырымы жасалды жана азыркы таптагы үч км/ге болгону он миллион акча каралды. Бирок азыр калган жерин карызга салып жатабыз. Негизи ар бир чакырымына жети миллион эки жүздөн каралышы керек болчу. Тасмага кирип кетчү жолу бар жети жүз метр, ал жакка да кум төгүлгөн, бирок акчасы карала элек. Азыр күн сууктап да калды, октябрь айы келди, кар жаап салышы да мүмкүн.

Эгерде акча каражаты берилбесе эмки жылга да калып калышы мүмкүн. Жол негизинен каралып келинген ушул убакка чейин. Себеби акча каражатын бөлүп беришчү. Бирок ал каражаттар жетчү эмес, ошондой эле пандемия убагында да оор болуп калды бизге, жол сүрүлбөй, элге да кыйын учур болгон ошондо. Бөлүнгөн каражатка колдон келишинче оңдоп жаттык, такыр каралбай калган эмес»,-  деп билдирди Исмаилов.

Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыков:

«Бул райондук маанидеги республикалык жол. Жолду оңдоо иштери августтун орто чендеринде башталды. Бардыгы планга 6 км 700 метр асфальттоо келген. Азыркы учурда 3 км дин тегерегиндеги жер асфальттанып бүттү. Учурда жолду толук кандуу кум төшөп даярдап койгон, асфальттын жоктугуна байланыштуу иштер токтоп турат. Акча толук кандуу өткөрүлүп бериле элек болуп жатат. Жол республикалык бюджеттен каржыланып жатат. Эгерде каражаттар жок болсо ушуну менен асфальттоо иши токтойт.

Себеби, азыр жумушчулар техникаларын алып чыгып кетишти. Каражат бөлүнбөсө ушуну менен оңдоо иштери токтойт. Каражаттардын жетишсиздигине жергебизде болуп жаткан Баткендеги окуя да таасирин тийгизип жатат деп ойлойм. Жагдайга байланыштуу шарт ушундай болуп жатат. Биздин райондо эле14км чакты жерде жол оңдоо иштери жүрүп жатат. Каражат тартыш болуп биз жакка жете элек. Болгон каражаттын бары фирманын өзүнөн жасалып жатат. Азыр республикалык бюджеттен каражат которула элек. Былтыртан берки сурамжылоолорго караганда быйыл бул иш өз күчүнө кирип жакшы сапатта жасалып жатат. Мисалы, шагылдарды калың төгүштү жана сууну жакшы себип жатышат, асфальт бышык төшөлүп, технология кандай болсо ошого жараша жасалды. Мурун мындай жасалган эмес. Менимче сапаттуу жасалып жатат»,- деп билдирди айыл өкмөтү.

Жолдор оңдолгонуна айыл тургундары кубанышууда

Тасма айылынын тургуну Өмүр Намазбаевдин айтымында союз кезинен берки оңдолбой келген жолдун оңдолушу элдин сүйүнүчүнө алып келди.

«Бул жол биз жаралганы жасалган жок. Элдин бары жолго үмүттөнүп жүргөн, бирок эч ким караган эмес жана союз да караган жок. Союз кулагандан кийин дагы каралбай калды. Мына быйыл Садыр Жапаров президент болгондон кийин, жол каралып, элдин үмүтү акталып, тилеги жетип жатат. Ошондой эле ушул жолго абдан ыраазыбыз. Президентибизге чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыковдун да үмүтү, тилеги да чоң, ушул ишке киришип жасатып жатат»,- деп билдирди.

 

Гүлназ Жумагулова, Сезим Темирова