"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Чоң- Тогузбай айылында спорттук аянтча ачылды

25 Октябрь 2022 жыл 15:21
Көрүүлөрдүн саны: 302

Түп районунун Чоң Тогузбай айылында спорттук аянтчанын ачылыш аземи болду. Район боюнча 19 команда келип спорттун футбол боюнча мелдеши өттү Спорттук аянтчага Маткерим уулу Сагындык агабыздын жарын элесине ысымын ыйгардык деп билдирди өз сөзүндө Исаков Курманбек Капарбекович.

Биздин футболчулар

«Чоң Тогузбай айылындагы Спортук аянтчанын ачылыш аземине район боюнча 19 команда келип, алардын ичинен 4 команда мыкты болуп полу финалга чыкты аларды атай кетсек; Кен-Суу, Түп Тасма жана Чон Тогузбай командалары чыкты. Биринчи орунду Кен-Суу командасы алды.

Биринчи орунга 15 мин сом медаль грамотасы менен. Экинчи орунду Тасма командасы багындырып, он миң сом акчалай сыйлык жана граматаларын алышты учунчу орунга Түп командасы 5 миң 4 -орунга Тогузбай командасы 3 миң сом акчалай сыйлыкка татыктуу болушту. Спорттук аянтчабыздын ачылышына Айыл ак сакалдары, сырттан коноктор келишти.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев агабыз келип, демөөрчүлүк кылып келип кетти. Биздин спорттук аянтчабызга келип, өз салымдарын кошуп, баталарын берген ак сакалдарга ага тууганга терең ыразычылык.

Мен өзүм жөнүндө айта кетсем, Исаков Курманбек Капарбекович өспүрүм балдарга тренер болуп эмгектенем. Түп райондук балдар спорт мектебинде 2021- жылдан бери, биз дагы жаш спортчуларга аз да болсо салымыбызды кошуп келебиз.

Келечекте биздин балдар Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан жаштардан болот деп ишенем»,- деп, сөзүн жыйынтыктады Чоң Тогузбай айылынын тургуну Исаков Курманбек.

Гүлназ Жумагулова