"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Баткенчилердин салтанаттуу күнү белгиленди

27 Октябрь 2022 жыл 17:28
Көрүүлөрдүн саны: 228

26- октябрь Баткен коогаланында курман болгон жигиттерди эскерүү күнү жана Баткен окуясына 23 жыл болгонуна карата иш чаралар Түп райондук администрациясында болуп өттү.

Зарпастагы майор Акматбеков Радик Саламатович:
«Санташ айыл өкмөтүндөгү аскердик катоо бөлүмүнүн инспектору болуп эмгектенем. 26- октябрь Баткен коогаланында курман болгон жигиттерди эскерүү күнү жана Баткен окуясына 23 жыл болгонуна карата иш- чаралар Түп райондук администрациясында өттү. Иш- чараны уюштурган уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирем.

Акматбеков Радик Саламатович

Түп районунун аскер комиссары майор Бейилбаев Жумгалбек Таласбекович:

«Бүгүнкү Баткен окуясынын 23 жылдык салтанатуу мааракесин жетишээрлик деңгээлде белгиленди. Бүгүнкү маараке тууралуу айта кетсем, жакшы уюшкандыкта маданият үйүндө салтанатуу иш чаралар менен коштолду. 26-октябрь Баткен жоокерлеринин иш- чарасына биргеликте кош майрамдар коштолду.

Мисалы, социалдык кызматкерлердин өздүк майрамын, айыл чарба кызматкерлердин өздүк майрамдарын бирге Түп районунда салтанаттуу иш- чарага күбө болдук. Жыл сайын ар бир тармак өз убактысында өткөрүп турса, быйыл 26- октябрга чогуу мерчемделди. Район башчысы Каныбек Маматбекович өзү баш болуп иш-чараны ачып берди. Андан сырткары иш алып баруудагы артыкчылыктар эске алынып, сыйлык грамоталар берилди. Иш-чара райондук мамлекеттик администрация тарабынан уюштурулуп жогорку деңгээлде өттү»,- деп билдирди аскер комиссары Бейилбаев Жумгалбек.

Гүлназ Жумагулова