"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылында «Мен сулуу жазам» сынагы өткөрүлдү

1 Ноябрь 2022 жыл 23:14
Көрүүлөрдүн саны: 170

Асан Сопиев артынды №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинде, окуучулардын сабаттуулугун жана сулуу кол жазмасын каллиграфиясын текшерүү максатында, мектептин «Аваз» өзүн-өзү башкаруу уюму тарабынан уюштурулган окуучулар арасындагы, «Мен сулуу жазам жана ата -энелер арасындагы менин атам, апам сулуу жазат аталышындагы сынак болуп өттү.

Учурда кыргыз тилинде жазууда көптөгөн каталар кетип жаткандыгы маалым. Жазуу эрежелерин сактоо, тамгаларды элементи менен сабаттуу жазууга багыттоо максатында өтүлгөн сынактын жыйынтыгы жакшы болду. Эң мыктылар тандалып, ардак грамоталары менен сыйланышты.

Бул сынаккта негизинен 2-класстан 11- класска чейинки окуучулар катыша алышты, сынактын жыйынтыгы боюнча калыстар тобу иш жүргүзүп, «Аваз» өзүн- өзү башкаруу уюмунун мүчөлөрү калыстар тобунда жана кыргыз тилчи мугалими Жеңиш кызы Гулбара катышты.

Туратбекова Жаңыл 4- а класстын окуучусу 1- орун .Мугалими Байгашкаева Миргүл.

Окуучулардын катасыз, жазуу иштери кол жазмасын, грамматикалык, орфографиялык, пунктуацилык жактан сабаттуулугун, каллиграфиясын карашты.

Бардыгы ар тараптан текшерилип, калыстар тобунун жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталды.

2-4-5-8-9-11- класстар арасында окуучуларга ардак грамоталар тапшырылды. Орун алган окуучулар 7- класс Шаяхматова, 2- класс Женишбекова, 6- класс Мусалиев А, Суйундукова 4- класс, Бейшалиева 4- класс.

Ал эми ата-энелер 1-орунга Акжолтой Мамиева 2-орунга Астра Орозганова, 3-орунга Аида Акматова болушту.

«Мындай сынактардын өтүшү жалпы окуучулар үчүн жол көрсөтүүчү, багыттоочу, демилгечи сынак болот го деп ойлойм»,- дейт маегинде кыргыз тилчи мугалим Бактыгүл Шейшеева.

Гулназ Жумагулова