"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Каракол шаарында жаны «ZIREK» мектеби ачылды

12 Ноябрь 2022 жыл 1:43
Көрүүлөрдүн саны: 215

Каракол Шаарындагы «Кут билим»окуу тарбия комплексинин алдында «Зирек» мектебинин ачылганына эки айдын жүзү болду. Бул мектеп аталган шаарда жатак мектептердин катарын толуктайт. Негизинен сапатуу билим берүү мектеби ачылганына шаар тургундары ыраазычылык билгизишүүдө.

Өмүрбек Токтобаев Каракол шаарындагы «Зирек мектебинин директору.

«Бул «Зирек » Жатак мектеби бул бардык мектеп окуучуларына арналган мектеп, бизде бөлүп конкурс аркылуу өтө турган болсо, жалаң гана жакшы окуган балдар өтүп, жөнөкөй, ачыла албай же жетише албай жаткан окуучуларга мункунчулук болбой калмак. Ошондуктан биз буга чейин начар окуган бала деле мындан ары биздин мектепте жакшы окуп кетуусу толук мүмкүн. Биздин мектепте эртең мененки 8ден 8 жарымга чейин адабий китептерди окуйт, андан сырткары, музыкалык кружоктордон, пианино, хор, вокал, спорт кружоктордон азырынча стол тенниси.

Спорттук залыбыздын ремонту бүтпөгөндүгүнө байланыштуу. Баса белгилеп кетүүчү нерсе, бул биздин «Кут билим» окуу тарбия комплекси ачылганыбызга эки айдын жүзү болду. Жалпысынан биздин мектеп, Англис тилге, Математикага жана программированиеге басым жасайбыз.

Ар бир чейрек сайын китеп окуу конкурсу бар жана да биздин мектептен чыккан окуучулар, олимпиадаларда райондук, республикалык деңгээлде орун алса, 15 пайыз жеңилдетүүгө жетишет»,- дейт өз сөзүндө мектеп директору Өмүрбек Токтобаев.

Гулназ Жумагулова