"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Каракол шаарындагы «Дем» китепканасы

12 Ноябрь 2022 жыл 0:08
Көрүүлөрдүн саны: 188

Каракол шаарындагы «Дем» китепканасын ашар жолу менен салган ишкерлер социалдык долбоор менен эл агартууга өз салымдарын кошуп келишет. Бир гана Каракол шаарында эле бул долбоор ишке ашпастан, Кызыл -Суу айылында да ачылганын белгилеп, Талас шаарында да ушундай китепкана ачылууга бел байлаганын билдиришти.

Абыканов Жанар Психолог,Социолог.

Абыканов Жанар, психолог- социолог:

«Дем» китеп борборунун негиздөөчүлөрүнүн арасында биз да өз салымыбызды кошуп келебиз. «Дем» бул социалдык проект. Каракол шаарындагы жалпы жаш муун, орто муун, улуу муундарга арналып, китеп окуп, биздин коомубузда баягы өз алдынча ой жүгүртүп, чечим чыгара ала турган жаштар өсүп чыксын деген максатта бул проектини биргелешип ишке ашырдык. Мындан сырткары биздин пландарыбыз жалпы, Ысык-Көл облусунун райондоруна тегерете ошол эле Тоң району болсун, Балыкчы, Чолпон-Ата, Түп, Ак-Суу кылып бул проектилерди ишке ашыралы деген пландарыбыз бар.Негизинен бул китепканабыз Каракол шаарында өзүнүн окурмандарын тапты дайым келип, жаштар окуп турушат. Жалпысынан биз койгон максат ишке ашып, окурмандар ыраазычылык билдирүүдө».

"Дем"Китепканасы.(сырткы көрүнүшү).
Ахмет Макаев демилгечи.
Бул проектини демилгелеп чыккан, Каракол шаарынын тургуну Ахмед Макаев агабыз озунун оюн бөлүшүп, ишкерлерди чакырып, команда чогулткан. Каракол шаарынан ондой ишкер тартылып, проект ашар жолу менен ишке ашкан. Эң алгачкы проектибиз. Алдын ала дизайн кылып проект жазып, көпчүлүк салымын кошкон социалдык проект дейт маегинде Абыканов Жанар.

Китепканадан көрүнүш

Гулназ Жумагулова