"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада англис тилчи мугалимдин аракети

8 Декабрь 2022 жыл 22:25
Көрүүлөрдүн саны: 164

Ысык — Көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто мектебинин мугалими Саадат Болотбекованын тил үйрөтүүдөгү эң башкы максаты акча табуу эмес, окууучуларга шаардагыдай мүмкүнчүлүк түзүп берүү жана көп тилдүү мыкты окуучуларды өстүрүү.


Аталган мектептин мугалими Саадат Болотбекова айылда англис тил курсун ачып, окуучуларды окутуп эмгектенет. Айыл жеринде кошумча курстар жок жана тилге кызыккан окуучулар көп. Алар бир нерсе билип алсын, үйрөнсүн, башка мамлекеттерге барып көрсүн деген максатта ачканын билдирди:
«Мен бул курсту 2021-жылы октябрь айларында баштадым. Курсту ачууга мага биринчиден, мектептеги англис тилине кызыккан, үйрөнгүсү келген окуучулар келип, кошумча сабактарды өтпөйсүзбү?- деп суранышты. Кээ бир ата — энелер да суранып жатышты. Анан мен ошондон кийин ойлонуп отуруп, ачсам болот окшойт деп, бул курсту ачкам. Мен 6- 11- класска чейин Кыргыз түрк лицейинде окугам. Ал жакта сабактардын баары өзүңөр билгендей англис тилинде өтүлөт, негизи англис тилин ошол жерден үйрөнгөм. Бирок андан ары билимимди улантуу үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Лингвистика факультетинде окугам. Көп эле окуучу окуттум. Мен экиден окуучу алып жаттым бир саатка. Экиден алганымдын себеби, эффективдүү болсун жана жалгыз окуганга же көп окуучу менен окуганга караганда, бири-биринин деңгээли бирдей окуучу окуса жакшы жыйынтык берет деген ой менен экиден окутуп жаттым. Ошондо бир айда 12- 13 окуучу окуп жатты. Англис тилин үйрөнүш үчүн, ар бир адамдын каалоосуна жана чөйрөгө жараша болот деп ойлойм. Тилди көзүбүз эле жаттайбыз. Бирок жатап коюп кайра колдонулбастан калып калат. Тилди үйрөнүү үчүн эң негизи нерсе бул — практика болуп эсептелинет. Үйрөнгөнүбүздү кайра турмушта колдонууну билишибиз керек. Аны колдонуш үчүн сөзсүз түрдө ошол тилде сүйлөп башкалар менен пикир алышы керек. Болбосо өз алдынча жалгыз окуй берип жаттай берсе эч кандай жыйынтык чыкпайт. Ошондуктан тил үйрөнүүдөгү менин кеңешим, сөзсүз түрдө ошол тилде сүйлөшүңөр керек.»

Саадат Болотбекованын окуучусу Таңсулуу Токтокадырова башка өлкөлөргө саякаттоону кыялданат. Ошол себептен англис тили курсуна катышып жатканын билдирди:
» Менин англис тили курсуна катышканыма 1 жыл болду. Курста окуп калганымдын себеби, 7- классымдан тартып эле англис тилин билип, башка тилдерди үйрөнүү кызык болчу. Алглис тили азыркы учурда көп өлкөлөрдө колдонулуп, чет жактарда адамдар көбүнчө англис тилинде сүйлөшөт. Ошондуктан кийин келечекте башка өлкөлөргө саякатка барганда англис тилин толук үйрөнүп алуу үчүн курста окуп жатам. Англис тилин үйрөнүүгө мага түрткү берген үй бүлөм жана келечектеги максаттарым. Бул тилди жакшы үйрөнүү үчүн эң аз дегенде 2 жыл окуш керек. Мен азырынча толук үйрөнө элекмин. Бирок 1 жыл ичинде жакшы нерселерди үйрөнүп жатам. Бизди окутуп жаткан мугалим абдан тажрыйбалуу жана бизге аз убакыт болсо дагы жакшы үйрөтүп жатат. Мен азыр көбүрөөк шыктанып, аракет кылып жатам. Ошондуктан дагы улантып окуйм.» — дейт Таңсулуу Токтокадырова.

Кыял Токонаева, Сезим Темирова