"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

«Чон -Таш айылында ачык сабак өтүлдү.

12 Декабрь 2022 жыл 12:51
Көрүүлөрдүн саны: 112

Чон -Таш айылында «Окуу керемет » долбоорунун негизинде ачык сабак болуп өттү.Ачык сабак жогорку денгээлде өтүлүп,Ата-эне,окуучу жана мектеп биргеликте иш алып барышууда.Ата энелердин билдирүүсүнө ылайык мекетепте мындай иш чаралар көп болуусун,жана мектеп менен иштетүүгө даяр экенин билдиришти.

Аташпаева Аида Рыспековна /13 Бакай Коралиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими болуп эмгектенем.Эмгек жолум жыйырма жылдын жүзү болду,Бул ачык тарбиялык саатынын өтүү себеби болуп,биз «Окуу керемет «долбоору менен иштешип жаткандыктан,балдарды, китеп окууга кызыктыруу болуп эсептелинет.Бул жерде мен классымды 3 топко бөлүнүп алып,ата энелер менен чогуу,өздөрүнүн окуган китептериндеги жомокту өтүп беришти.Ачык тарбиялык саат жогорку денгээлде өтүндү деп эсептейм,анткени балдар аябай кызыгуу менен аткарышты.Ата-энелер менен балдардын ортосунда тыгыз байланыш бекемделди дагы да балар менен ата-эненин жана мектеп тыгыз иштеше берсин деген ой тилектерим бар.

Ырысалиева Бурулча Каниетовна Кызым Айша 3б -класста окуйт.Чон -Таш айылындагы Королиев номер 13 мектептен кызыктуу ачык сабакты Аида эже өтүп берди ,ата- эне менен окуучуну байланыштырып ачык сабак кызыктуу болду.Аташпаева Аида Рыспековнага ата-энелер ыраазычылык билдиребиз.Ден-Соолук иштерине ийгилик каалайбыз.ата энелердин атынан сунуштарыбыз: бала, мектеп ,Ата-эне дагы да иштешип, көптөгөн ийгиликтерге жетишелик.

Гүлназ Жумагулова.