"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада бала бакча ишке кирди

12 Декабрь 2022 жыл 21:26
Көрүүлөрдүн саны: 62

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Карасаев айыл аймагынын Тасма айылында “Шаменова Апал эне” атындагы балдар бакчасы ачылды.


Мурда элеттиктер бала бакча жок болгондуктан, мектеп базасында ачылган 3сааттык бала бакчага балдарын берип келген болсо, учурда 10 сааттык талапка жооп берген бакчага бере алышат.
Жаңы ачылган бала бакчага Тасмага коңшу Чоң-Тогузбай айылынан дагы балдарын алып келип жатышат. Айрым ата-энелер баланын каратканга киши жок болуп бала бакчага муктаж болушса, кээ бири балдардын өнүгүүсүнө чоң салым кошот деп эсептешет.

Тасма айылынын тургуну Алмагул Акматова дагы бакчанын толук кандуу ишке киргени жакшы болгонун билдирди:
«Бакчага учурда бир балабыз барат. Бала бакча жокто, жумуш убагында бала карачу киши керек болчу, ар кандай үй иштери болгондо де бир жакка барарда ар кимге таштачубуз.

Азыр болсо бала бакчага ачылып биз үчүн да балабыз үчүн да ыңгайлуу болду. Балабыз балдар менен аралашып ойноп, сүйлөп, өз алдынча болгонго үйрөнүп калды.»

Эми айыл тургундары балдарын эртең мененки 9дан баштап кечки 5ке чейин бакчага таштай алышат. Балдар бала бакчадан тамактанып, уктап, сейилдеп тарбиячылардын карамагында болот. Учурда жалпы 75 бала тарбияланууда.

Бала бакча башчысы Назира Өмүрзакова жаңы ачылган бала бакчада 17 жумушчу эмгектенип жатканын айтат. Алардын ону техникалык кызматкер, жетөө тарбиячы:

Назира Өмүрзакова Бала бакча жетекчиси.

Назира Өмүрзакова бала бакча жетекчиси.

«Көптөн бери күткөн бала бакчабызды бүгүн толук кандуу ишке киргиздик.

Бала бакчабыз Түп районуну боюнча 10чу бала бакча болуп ачылдык. Биздин бала бакча мурун эски мектеп болчу, мектепти «Арис»программасынын жардамы менен бүтүрүп, ал эми ичиндеги эмеректердин баары «Өнүктүрүү фондуна»долбоор жазып каржыландык.

«Өнүктүрүү фондунан ашканага эң керектүү бүт идиштерди, шкафтарды, холодильниктерди жана балдар жата турчу жууркан төшөктөр, шейшептерине чейин каржыланган.

Андан тышкары 305миң сомго “Хельветас» компаниясы каржылаган долбоор жазып оюнчуктарын утуп алдык.
Бала бакчада балдардын жаш курагына жараша «Кенже тайпа» , «орто тайпа» жана «жогорку тайпа» деп тайпаларга бөлүнгөнүн бакчанын тарбиячысы Гулиза Касыбек кызы билдирди:

«Бүгүн биз үчүн абдан кубанычтуу күн болуп атат. Баарыбыз чоң күч дем менен бала бакчабыздын ачылышын кылып жатабыз. Бул күндү биз көптөн бери толкундануу менен кыялданып чоң кубаныч менен күткөнбүз.

Негизинен бул балдар бакчасына келген балдар сөзсүз түрдө мектепке да даяр боло алышат, алар айлана-чөйрө менен таанышышат, балдардын сүйлөө кеби өнүгүп өсөт. Биз бардык сабактарды оюн аркылуу өткөрөбүз.

Балдардын бейпил турмушта жашашы үчүн ушундай жакшы бала бакчалардан тарбия ала алышат балдарыбыз.”


Айназик Кубатбекова