"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Аялдардын топтору жергиликтүү кызматтар.

17 Январь 2023 жыл 0:05
Көрүүлөрдүн саны: 127

Изилдөөчү Дамир Эсеналиев. Берлинде турган эл аралык коопсуздук жана өнүгүү суроолорун изилдөөчү борборунда илимий кызматкер ,Ушул долбоор боюнча Кыргызстанга келип,иш алып барууда долбоордун аты «Аялдардын топтору жана жергиликтүү кызматтар» деп аталат.Бул долбоор ,негизинен илимий изилдөөнүн багытында болуп,дүйнө жүзүндө 5 ,6,өлкөдө өткөрүлөт,мисалы:Вьетнам,Пакистан өлкөлөрү кирет.Чоң илимий концепцянын алкагында алпарылып жатат. Кыргызстан конкурс аркылуу утуп,бул долбоорго катышып келет . Негизги максаты аялдарды топтоо,жергиликтүү кызматтарга активдүү катышууга багытталган.

Дамир Эсеналиев.(Изилдөөчү,экономист)

Мен өзүм экономист изилдөөчү, Кыргызстан боюнча көп изилдөөлөрдү жасап келем,албетте мен жалгыз иштебейм:Кыргызстандан бир топ университеттер менен иш алып барабыз . Мисалы: борбордук Азиядагы университет менен көп иштерди алып барабыз. Биздин айта кетүүчү кызыктуу нерсе «Кыргызстанда жашоо»аттуу узуун убакыттагы изилдөө бул 2010 чу жылдан бери алып келе жаткан изилдөө,орусча айтканда (панельное обследование)Мааниси ошол эле адамдарга 3 жылда бир маалымат чогултуп, ошол аркылуу кызыктуу изилдөөлөр алып келебиз.бул ири илимий изилдөөгө кирет.Мындан тышкары көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлгөн мисалы:Социалдык биримдүүлүк,окуучлар тамагы канчалык таасири бар?айыл чарбасы боюнча көп изилдөөлөр болот.Тематика кенен Кыргызстанга орчундуу кызыктуу изилдөөлөр жүргүзөбүз.Кыргызыстан ачык өлкө, ошондуктан мындай изилдөөлөр өткөрүү оной,салыштырмалуу борбордук Азия боюнча Кыргызстан көп эле ачык өлкө.Изилдөөгө дагы өтө маалымат көп деп айта албайм. Эл аралык денгээлде макала чыгарыш,англис тилинде болуш керек,ар кандай стандарттары туура келиш керек бул абдан кыйын иш.Бирок убакыт өткөн сайын Кыргызстан жөнүндө чет өлкөгө маалымат илимий топторуна белгилүү болуп,Өлкөбүз көп таанылат.Албетте Кыргызстанга таандык эле көйгөйдү карабастан илимий, билим запасына кандайдыр салым кошуп келебиз.
Тренинг учурунда.
Дамир Эсеналиев.Берлинде турган эл аралык коопсуздук жана өнүгүү суроолорун изилдөөчү борборунда илимий кызматкер .Ушул долбоор боюнча Кыргызстанга келип,бир иш чараларды жасап кетип жатабыз.Бул биз алып келген долбоордун аты «Аялдардын топтору жана жергиликтүү кызматтар» деп аталат.Бул долбоор ,негизинен илимий изилдөөнүн багытында болуп,дүйнө жүзүндө 5 ,6,өлкөдө өткөрүлөт,мисалы:Вьетнам,Пакистан өлкөлөрү анын ичине кирет.Бул чоң илимий концепцянын алкагында алпарып жатат. Кыргызстан конкурс аркылуу утуп, долбоорго катышып келет . Негизги максаты аялдарды топтоо,жергиликтүү кызматтарга активдүү катышууга багытталган.
Сурамжылоо боюнча окуу.
Айылдык айрымдарга тренинг берилип,айыл өкмөтүнүн иши кандай алып барышат?кандай кызмат берилиши керек?ошол кызматтарды кантип сураш керек?кандай суроо берип?мисалы: гранттар болуп калса?кантип иштеше алат деген суроолорго жооп катары тренинг болот, программанын алкагында.Ушул аркылуу жылыш болобу?маалымат алып,жашоолорун оңдогонго түрткү болобу? деген ой.Бул долбоор аялдар тобуна багытталгансоң албетте илимий изилдөө катары маалымат,айтылган тренингдер боюнча: башталгыча,сурамжылоо болуп,алардын айылдагы жергиликтүү кенештер менен кандай иш алып баргандыгы тууралуу суроолор болот.Жашоо турмушу кандай, ойлору баалуулуктары ишеними.Ошол сыяктуу суроолор болот.Бул долбоордун акырында дагы бир жолу сурайбыз.Ошол социалдык илимдерде ушундай ыкмалар колдонулат.Тренингтер Кыргызстандан чоң иш алыпбарып жүргөн,өнүктүрүү саясат институту аркылуу өткөрүп келет.Ал тренинг программасы 4 ай ичинде ишке ашырылат.Негизинен биз айылдык ден соолук комитеттери менен иштөөнү туура тапптык,анткени алар көп иштеген,мүчөлөрү аял болгон комитеттер.Жалал-Абад ,Ысык-Көл, Нарын облустарында тандалып алынды,биз менен иштөөгө макулдугун берген комитетти менен иш алпарууга даярбыз.Трениг бүткөндө долбоордун алкагында,чакан гранттык программасы ишке ашырылып, долбоорго катышкан группалар эле катышпастан баардык каалаган топторго ачык болот.Бул грант эркек жарандарга да ачык,алар өздөрүнүн чакан көйгөйлөрүн чечүүгө шарт түзүлөт.Долбоор кыска мөөнөттөрдө эле ишке ашат деп күтүп жатабыз.Сентябрь айынын тегерегинде бүтөт деген пландарынбыз бар.Негизи мурун эле боло турган долбоор эле,Covid себебинен көп кеч башталды.Азыр баштап жатабыз Январь Февраль айларында.Иш аракттер менен билим берүү практикалык жактан жыйынтыгы бар.Маалымат чогултууну себеби глобалдык изилдөөгө кошумча болот.Ал жерде 5.6 Өлкөнүн маалыматы чогултулуп,бир чоң илимий иш жасалат.

Гулназ Жумагулова.