"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп районунда «Англис тили» викторинасы

11 Февраль 2023 жыл 1:15
Көрүүлөрдүн саны: 272

Түп районундагы N⁰6 А.Карымшаков мектебинде 7-февралдан 7-мартка чейин «Англис тили эл аралык баарлашуунун тили» аттуу айлык башталды. Викторина 5-7класстар аралык таймаш, жарыш болду. Окуучулар абдан кызыгуу менен катышып, жалпысынан иш чара өз максатына жеткендиги тууралуу англис тили мугалими Гүлнара Султанова баяндады.

Усулдук бирикменин жетекчиси Султанова Гүлнара Сулнановна.

Усулдук бирикменин жетекчиси Султанова Гулнара.

«Бүгүн биздин мектепте «Англис тил өлкөсүнө саякат» атуу викторина болуп өттү. Мага иш чара абдан жакты, жооп берип жатканымда бир аз толкундандым»,- дейт Джайыкбаева Аяна ушул Абдыкасым Карымшаков атындагы мектептин 6- классынын окуучусу.

Викторина учурунда.

N6 А.Карымшаков мектебинде бир айлык «Англис тили-эл аралык баарлашуунун тили» деген темада айлык башталды. Биздин мектепте 5 англис тил мугалими эмгектенип жатат. Биздин усулдук бирикмеде бир айга ылайыкталып план түзүлгөн, бул планда 3-11 класстарда абдан кызыктуу конкурстар бар, ачык сабактар, конференция, викториналар, класстан тышкаркы иш чаралар камтылган.

«Окуучулар абдан кызыгуу менен катышып жатышат. Бугун 10- февралда усулдук бирикменин жетекчиси Гулнара  Султанова  жана жаш мугалим Даткайым Аскерова 5-7 класстар арасында викторина өткөрдүк, «Каркыра» газетасынын журналистин чакырдык, англис тил мугалимдери, администрация жана мектеп директору Эмилбек Байсеитов катышты. Бул викторина айлыктын башталышы, алдыда дагы коптогон кызыктуу конкурстарыбыз бар».



Даткайым Аскерова N⁰6- Абдыкасым Карымшаков атындагы орто билим берүү мектебинин англис тил мугалими.

«Балдардын жөндөмүн баалоо үчүн бизде калыстар тобу чакырылган, булар мектеп уюштуруу бөлүмү жана англис тилчи мугалимдер болушту. Кызыктуу методикаларды колдонуп, балдар үчүн абдан жакшы уюшкандыкта өттү десем жаңылышпайм. Ар бир класстан 2 ден окуучу алынган жана викторина болорун окуучулар билишкен эмес бирок, активдүү катышып беришти. Атайын грамоталар жана ар бир катышуучуга Sweet Box (татуу кутуча) даярдап койгонубуз»,- дейт англис тилчи мугалим Даткайым Акылбековна.

Гүлназ Жумагулова