"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Англис тилинин коктейль кечи

15 Март 2023 жыл 23:15
Көрүүлөрдүн саны: 153

Кыргызстандын бардык аймактарында «Англис тил,эл аралык баарлашуунун тили» аталышындагы класстан тышкаркы иш- чаралар болуп өттү. Бул иш- чарага бардык мектептер катышып, анын ичинен окуучулардын көңүлүнөн орун тапкан, Түп райондук
Абдыкасым Карымшаков мектебинин мугалимдери болду.



Түп Районундагы Абдыкасым Карымшаков атындагы мектептин Аглис тили мугалими Кондукпаева Асема англис тилинин айлыгына арналган «Англис тилинин Коктейль кечи»атуу ачык сабакты өткөрдү.

«Мен Уркасымова Керемет, А.Карымшаков атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинде 10-а класста окуйм.
Биздин мектепте англис тил боюнча иш чара болуп өттү. Иш чараны биздин сүйүктүү англис тил мугалимибиз Кондукпаева Асема Батыркановна менен чогуу даярдадык. Бул англис тил кечеге 7-11-класстар катышты. Кеченин темасы: «The English Cocktail party.»
Окуучулар турмушта кезигүүчү жагдайларды сүрөттөп англис тилинде оюндарды, ырларды, бийлерди аткарып англис тилге болгон кызыгууларын көрсөттү. Кече мыкты өттү».


«Мен күткөн нерселерди алдым, көп нерселерди билдим, биздин балдар англис тилде так сүйлөй алышты, көп-көп ийгиликтерге жетиштик. Анткени, бизге Асема Батыркановна берет. Мен мынча болот деп күткөн эмесмин, бирок кече укмуштуудай болду. Асема Кондукпаева бардыгын өзү даярдады: көргөзмөлөрдү, залды, кеченин уюштурулушун. Мен алып баруучу болдум. Сахнада тартынбай сүйлөштү үйрөндүм. Кече абдан жакшы болду, мага жакты, жогорку денгээлде өттү»,-деди катышуучулардын бири.

 

Гүлназ Жумагулова