"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Аралда спортчулар көп,мүмкүнчүлүк жок.

25 Март 2023 жыл 15:41
Көрүүлөрдүн саны: 45

Арал айылынын дене тарбия мугалими Дүйшөнбек Ашыралиевич.» Биздин айылда жаштардын спортко кызыгуусу абдан жакшы бирок көйгөйлүү маселелердин бири, бул өзүбүздүн өкмөт каржылабайт,спортко катышууда кыйналып калып жатабыз»-дейт машыктыруучу.

Турдакунов Дүйшөнбек Ашыралиевич.»1992 жылы физкультура академиясын бүткөндөн баштап Түп районунун Арал айылында спортун Грека рим күрөшүнөн тренер болуп иштейм.Ошол убактан бээри көптөгөн кандидат мастер спортторду чыгардым 6 мастер спорт чыкты биздин айылдан күрөшкөн балдардын катышуусу жакшы.Кээде спорттук оюндарга катышууда жол кире жагынан кыйналып калып жатышат,анткени балдар өздөрү акча төлөп барышат.Кечээ жакында Каракол шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр адистештирилген олимпиадалык резервиндеги мектебинин 2005-2012 туулган өспүрүмдөр арасындагы Грека рим күрөшү боюнча ачык биринчиликкте Арал айылынын борецтери 36 килограмдан Ашыралиев Ыдырыс 1 чи орун чемпиондук наамды жеңип алды.Жаналиев Улан,39 килограмдан 2-орунду ээледи .3-орунду Кубандыков Таласбек ээледи .Жаштардын кызыгуусу жакшы бирок көйгөйлүү маселелердин бири бул өзүбүздүн өкмөт каржылабагандыктан спортко катышууда кыйналып калып жатабыз.Мына ушул эле турнирде жакшы күрөшкөн 5 балам акчаларды жоктугунан калып калышты.Өткөндөгү Бишкек шаарында болуп өткөн турнирде да 3 бала барып,төрт балабыз акча каражатын жоктугунан калып калышты .Жалпысынан жаштардын спортко кызыгуусу абдан жакшы даагы да өз аракетибизге кылып жаштарды спортко үндөп ишибизди сүйүү менен иштейбиз.»дейт өз сөзүндө машктыруучу Ашыралиев Дүйшөнбек.

Гулназ Жумагулова.