"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп: Кыз-келиндер арасында волейбол жана баскетбол машыгуулары өтүүдө

8 Апрель 2023 жыл 11:10
Көрүүлөрдүн саны: 169

Тасма айылында кыз-келиндер арасында волейбол жана баскетбол боюнча машыгуу жүрүп жатат. Бул машыгууга 35-50 жаш курактагы айымдар катышууда. Максаты ден соолукту чыңдоо, сергек жашоого элеттик айымдардын үндөө болуп саналат.

Лиза Кыдырбаева айылдык ден соолук комитетинин жетекчиси

Бул тууралуу уюштуруучу Лиза Кыдырбаева мындай деп билдирди:

«Мен ден соолук комитетинде иштегендиктен айымдарды сергек жашоо образына тартуу үчүн волейбол жана баскетбол оюнун ойнотуу тууралуу ой пайда болгон. Бул ойдун келип чыгуу себеби мындан эки жыл мурун Түп районунда айымдар арасында турнир болуп, жергиликтүү айылдардан көптөгөн айымдар келип, ойноп жатканына күбө болгом.

Ошондон кийин биздин айылга да ушул демилгени сунуштагам. Бул сунушту айымдардын бардыгы туура кабыл алышты. Бизде «ФАО» деген айымдар уюму бар. Бул уюмда отуздай кыз- келин иштешет. Ушулардын ичинен он катышуучу катышып жатат. Алардын бардыгына бул демилге жагып, калбай келишет. Бул машыгуу жумасына эки күн болот жана машыктыруучубуз Кылыч Кеңешов. Биз азыр турнир, мелдештерге чыга элекпиз, азырынча машыгуу менен гана алекбиз. Эгерде биз турнирлерге чыксак айыл өкмөтү тарабынан колдоо болот деп ишенем».

Элеттик айымдар мектептин спортзалында машыгат

Мен волейболго ден- соолугумду чыңдоо үчүн келем деген Гүлнара Алакенова мындай деп билдирди:

«Мен волейболго ден соолугумду чыңдоо үчүн келем. Мурун окуучу кезде жана студент кезде баскетбол ойноп турчумун. Андан кийин деле топ ойноп турчу эмесмин. Азыркы учурда баскетбол го караганда волейболду жакшыраак өздөштүрдүм. бул мага абдан пайдалуу болуп жатат. Биз айымдар кызыгуу менен ойноп жатабыз».

Айтунук Токторова